Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Ооруканаларда бош орундар азаюуда, сактаналы!
Ооруканаларда бош орундар азаюуда, сактаналы!
07-апрель, 20:16

Бишкекте COVID-19 жуктурган бейтаптарды кабыл алган үч ооруканада 45 бош орун бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Бош орундардын саны күн сайын кыскарууда. Алсак, 6-апрелге карата 65 орун бош болсо, андан мурунку күнү үч ооруканада 77 орун бар эле. Ал эми 7-апрель саат 8:00гө карата 45 гана бош орун калган. Алар:
Улуттук хирургия борборунда — 6;
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында — 27;
№2 клиникалык төрөт үйүндө — 12.
Өткөн суткада Кыргызстанда 161 киши коронавирус жуктуруп, үч бейтап каза тапкан.