Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Москва жергесиндеги Кыргызстандын жети облусунун коомчулугу Жапаровго кайрылды

Москва жергесиндеги Кыргызстандын жети облусунун коомчулугу Жапаровго кайрылды

24-октябрь, 09:57
3 692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министри С.Н.Жапаровго

Кайрылуу

Улуу урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сизди Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана премьер-министри катары дайындалышыңыз менен Москва шаарынын жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдарынын координациялык кеңешинин жалпы жамаатынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз!

Баарыбызга белгилүү болгондой, сиз өз кызматын мыкты билген профессионалдарды, сабаттуу, тажрыйбалуу, өз элине берилген мамлекеттик кызматкерлерди сыйлап, колдойсуз.

Биздин сизге кайрылуубуздун себеби: эки жылга жакын Кыргызстандын Россиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси катары эмгектенип келе жаткан Аликбек Жекшенкуловдун өз милдетин аткарууну улантуусун колдоп берүүңүздү суранабыз.

Сизге маалым болгондой, Аликбек Жекшенкулов кесипкөй, тажрыйбалуу дипломат, алгачкы эмгек жолун мамлекеттик кызматтарда эмгектенүү менен бирге мекенибиз, элибиз үчүн баардык күчүн жумшаган, элибиз эмгегин жогору баалаган инсан. Элчилик кызматка дайындалган күндөн тартып, элчиликтин кызматкерлери Россиядагы жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта болуп, иш жүргүзүшүүдө. Баса белгилеп кете турган болсок, COVID-19 илдетинин бүт ааламды каптаган кырдаалында Россияда карантин жарыялагандан соң элчиликте түзүлгөн штаб тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисттеринин колдоосунда, муктаж болгон мекендештерибизге азык-түлүк жагынан камсыздандыруу; жашоо-турмуш жагынан кыйналгандарга көмөктөшүүлөрдү жана хостелдерге жайгаштыруу; оорулуу, кош бойлуу жана жаш балалуу кыз-келиндер, карыялар үчүн мекенибизге чартердик учак каттамдарын уюштуруу; Россия–Казакстан чек арасында чогулган мекендештерди автобус менен мекенге жеткирүү; Россияда окуп жаткан студенттерге ар тараптан жардам берүү маселелери жогорку денгээлде чечилди. Россиянын алыс жайгашкан аймактарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлчүлүктөрү ачылды.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Москва жергесиндеги Кыргызстандын жети облусунун, алардын курамындагы шаардык, райондук, айылдык жана башка коомдордун өкүлдөрүнүн өтүнүчүнө өзгөчө көңүл буруп, калыстык менен чечип берүүңүздү суранабыз.


Терен урматтообуз менен,

1. Аксакалдар кеңешинин төрагасы – Абдуллаев М.А., кеңештин жамааты менен;

2. «Ысык-Көл ынтымагы» коомдук уюмунун төрагасы Сарыбаев Т.С., коомдун   жамааты менен;

3. Ош облусуна караштуу «Ноокат коомунун» төрагасы Акматов Т., коомдун  жамааты менен;

4. «Чүй Сары-Өзөн» коомдук уюмунун төрайымы Мусаева А., коомдун жамааты менен;

5. «Баткен биримдиги» уюмунун төрайымы Эшанова .Э.М., коомдун жамааты менен;

6. «Талас биримдиги» уюмунун төрагасы Сооронбаев Н.Н., коомдун жамааты менен;

7. «Жалал-Абад биримдиги» коомдук уюмунун төрагасы Кошматов У.Н., коомдун жамааты менен;

8. «Нарын Теңир-Тоо» аймактык коомдук уюмунун төрагасы Адылгазиев Азамат, коомдун жамааты менен;

9. Москва шаарындагы «Мугалимдер – эл агартуу» коомунун жетекчиси -Шамилов Э., коомдун жамааты менен;

10. «Талас биримдиги коомунун» аксакалдар кеңешинин төрагасы Бейшекеев Д.Ч., кеңештин жамааты менен;

11. «АЗИЯ» кайрымдуулук фондунун төрайымы Байматова У., фонддун жамааты менен;

12. Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин маданият комитетинин жетекчиси Карымшакова Г.О., комитеттин жамааты менен;

13. «Эл аралык ишкерлер ассоциациясы» (МАП) президенти Маразыков А.Ж.,  ассоциациянын жамааты менен; 

14. «Ала-Тоо айымдары» уюмунун төрайымы Назаркулова З., уюмдун жамааты менен;

15. «Аруу дүйнө» коомдук уюмунун төрайымы Мамасадыкова А.Т., уюмдун жамааты менен;

16. «Лига «AIKOL FC» президенти Осмонбеков К., лиганын жамааты менен; 

17. «Тамада борбору», жетекчиси Токтобаев И., борбордун жамааты менен;

18. «Нур» компаниясы, жетекчиси Бапанов Б., компаниянын жамааты менен;

19. «Ош шаары коомдук уюму», төрайымы Каимова Н., уюмдун жамааты менен;

20. Москвадагы кыргыз диаспорасынын коомдук кеңешинин спорт комитетинин жетекчиси Курамаев А., комитеттин жамааты менен;

21. «Табарман» коомдук уюму, жетекчиси Салахунов М., уюмдун жамааты менен;

22. «КG-RUSS» кайрымдуулук фонддун төрайымы Лабаева А., фонддун жамааты менен;

23. «Нур» котормочулар тобу, жетекчиси Жумалиева Д.Б., топтун жамааты менен;

24. «Кыргыз маданий борбору», жетекчиси Мурзабекова Г., борбордун жамааты менен»

25. «Керемет» фольклордук тобу, жетекчиси Алмакунов С., топтун жамааты менен;

26. «Союз кыргызстанцев» коомдук уюмунун төрагасы Мырзабеков Э.Б., уюмдун жамааты менен;

27. «Көк Бөрү» уюмунун жетекчиси Курбаналиев Н.К., уюмдун жамааты менен;

28. «Ынтымак лигасы» спорт уюмунун жетекчиси Эркинбаев А., уюмдун жамааты менен;

29. Кадамжай районуна караштуу Тамаша айылынын коомдук уюмунун төрагасы Курбаналиев Ш.Г., уюмдун жамааты менен;

30. «Мигранттардын укугун коргоо» юридикалык борбордун жетекчиси Акматсияева Г., борбордун жамааты менен;

31. Чүй өрөөнү боюнча Бишкек шаарынын куратору Байботоев М.Ш., жамааты менен;

32. Аламүдүн району боюнча куратору Молдобаев С.К. жамааты менен;

33. Токмок шаары боюнча куратору Молдобаев Д. жамааты менен;

34. «Кара-Көл ынтымагы» коомунун жетекчиси Масирова Ж., коомдун жамааты менен;

35.   Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун куратору Турдуев Р.М., район ынтымагынын жамааты менен;

36. Түп районунун куратору Албанов А.К., район ынтымагынын жамааты менен;

37. Жети-Өгүз районунун куратору Абдиев Я.У., район ынтымагынын жамааты менен;

38. Тоң районунун куратору Шамырканов У.Б., район ынтымагынын жамааты менен;

39. Ысык-Көл районунун куратору Муңайтбасов Б.Т., район ынтымагынын жамааты менен;

40. Балыкчы шаарынын куратору Курманалиев О.Д., шаар ынтымагынын жамааты менен;

41. Талас шаарынын коомдук уюмунун төрагасы Чыныбеков Э.Е., уюмдун жамааты менен;

42. Бакай-Ата районунун уюмунун төрагасы Сандыбаев М.Р., уюмдун жамааты менен;

43. Талас райондук уюмунун төрагасы Субанбеков Ж.Б., уюмдун жамааты менен;

44. Манас районунун коомдук уюмунун төрагасы Момбеков Н.К., уюмдун жамааты менен;

45. Кара-Буура районунун уюмунун төрагасы Нурлан уулу Дастан., уюмдун жамааты менен;

46. «Деский аниматор», жетекчиси Алымкулова Б., жамааты менен;

47. «Мурас» жаштар фольклордук театрдын жетекчиси Омаралиева Б., театрдын жамааты менен;

48. «Базар-Коргон району» коомдук уюмунун төрагасы Андашов А., уюмдун жамааты менен;

49. «Ноокен району» коомдук уюмунун төрагасы Аттокуров А., уюмдун жамааты менен;

50. «Нур спорт» клубунун жетекчиси, «Медиа Салам» радионун кабарчысы Табалдиева Н., клубдун жамааты менен;

51. «АЯН» жаштар театрынын жетекчиси Козубаева А., театрдын жамааты менен;

52. Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, мигрант акындарынын бирикмесинин өкүлү Омуралиева З.А.;

53. “Өрүкзар” коомунун айымдар кеңешинин төрайымы Шарапова З., коомдун жамааты менен;

54. Баткен шаардык коомунун төрагасы Шакиров Ж, коомдун жамааты менен;

55. «Диана» бийчилер тобунун жетекчиси Шакирова Б., топтун жамааты менен;

56. «Кутбилим» билим берүү клубунун жетекчиси Кудайбердиев А., топтун жамааты менен;

57. «Айгул Тоо» фольклордук ансамблдин жетекчиси Шакирова Д., жамааты менен.

58. “Өрүкзар” коомунун спорт жетекчиси Мамытов С., жамааты менен;

59. «Баткен» волейбол командасынын жетекчиси Ташмуратов Д., команданын жамааты менен;

60. Москва шаарындагы дин өкүлчүлүгүнүн окутуучусу Момунова А., жамааты менен. 

61. «Кадамжай» коомунун төрагасы Исманов Д.А., коомдун жамааты менен


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер