Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Осмонбетов: “Джо Байдендин президент болушу – Кыргызстанга үмүт жандырды”

Эдил Осмонбетов: “Джо Байдендин президент болушу – Кыргызстанга үмүт жандырды”

14-ноябрь, 14:22
1 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Америкада шайлоо өттү. Бийлик алмашса Кыргызстанга таасири кандай болот? Божомолуңуз?..

-- Америкага шайланган жаңы президент Джо Байден бул эми талапкер эмес. Жаңы шайланган президент. Ал шайлоо үгүттөрүн өткөрүп жатканда алдыга чоң максаттарды белгилеп жаткан. Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга, албетте, таасир этет. Трамптын тышкы саясатта көп багыты деле жок болчу. Ал ички саясатка өтө көңүл буруп карачу. Американын дүйнөдөгү глобалдык ролун азайтып койду. Джо Байден кызматка толук отурса, сөзсүз түрдө тышкы саясатта өзгөрүү болот. Биринчиси, адам укуктарына көңүл бурулат. Экинчиси, демократиялык багыттагы мамлекеттерге жардам беришет. Үчүнчүсү, Россияга да, Кытайга да чоң күчтүү саясат жүргүзүшөт. 

Учурда Америка менен Кыргызстан мамилеси жакшы деңгээлде эмес. 2015-жылдан бери эки мамлекеттин ортосунда келишим бар болчу. Бирок ал бир тараптуу, алсыз болуп калган. Бүгүнкү күндө бизде башкача келишим болушу шарт. Эки тараптуу келишим болсо, алар бизге гуманитардык, гранттык, укуктук жардамдарды бере башташат. Үмүттү ишке ашыруу учур талабы.

Эң негизги көйгөй виза боюнча десек болот. Трамптын тушунда “кара тизмеге” кирип калдык. Джо Байден бийликке келсе, кыргыз жарандары турист катары же иштегени баруусу жеңилдетилип чечилиши шарт. Биздин азыркы бийлик Америка менен сүйлөшүп, чечкиндүү кадам жасашы керек. Өз кызыкчылыгыбызды көздөп, солгундап калган мамилени оңдошубуз зарыл. Казакстанды, Өзбекстанды карасак, алар АКШ менен жакшы иштешүүдө. Аларда стратегиялык багыт бар. А биз Кыргызстан–Америка мамилесин сөзсүз жогорку деңгээлге көтөрбөсөк болбойт. Стратегиялык багытты иштеп чыгып, көп тараптуу тышкы мамилени өркүндөтүү зарыл. 

-- Америка менен мамилебиз оңолсо, Россия менен солгундап кетет го?..

-- Бир тараптуу тышкы саясат болбошу керек. Бүгүнкү геосаясат абдан оор. Атаандашуу көп болуп жатат. Биз туруктуу мамлекет болуп алган соң Кытай, Россия, Батыш, Европа мамлекеттери менен да, АКШ менен да иштешибиз керек. Бүгүнкү күндө тышкы саясат менен иш алып барган дипломаттар кынтыксыз иш жүргүзүшүн күтөбүз. Улуттук кызыкчылыкты жогору коюп, көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүп, жаңы келишимдерди түзүшүбүз керек. 

-- Биздин кыргыз дипломаттарына, алардын деңгээлине кандай баа бересиз?

-- Ар кандай болот. Биз эгемендүү мамлекет болгон 30 жыл аралыгында түрдүү дипломаттарды өстүрдүк. Алар өтө билимдүү, тышкы геосаясатты түшүнгөн, ишбилги, мыктылар болушу керек. 

Учурда аябай оор абалдабыз. Чек аралар жабык. Ишкерлердин иши токтоп, кыйын учурга тушукту. Мунун баарын тышкы иштер министри чечип, жолго салбаса кыйын. Алар күтүп жаткан бул иштерди кандай аткаргандыгына жараша баа беребиз. Чек ара ачылбаса, ишкерлер иши жүрбөсө, транзит болбосо, жашообузда кайдан жылыш болот?!


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер