Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаз, гүл жана айымдардын аздектеген майрамы

Жаз, гүл жана айымдардын аздектеген майрамы

08-март, 13:56
1 706 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Босогодо жаркыраган жаз жана 8-март майрамы турат. “Кимге кандай белек баалуу? Аялзаты жүрөгүнүн тереңинде эмне күтөт? Бүгүнкү күндө 8-март кандай майрам?” деген суроолорубузду белгилүү айымдарыбызга узаттык.

Эльвира СУРАБАЛДИЕВА, ЖК депутаты:

-- Ар бир айымдай эле 8-мартты жаздын келиши катары белгилейм. Бирок, негедир дал ушул күнү аба ырайы бузулуп, аялзатынын кыялына, көңүлүнө окшошуп калмайы да бар. Белектер адамдардын ортосундагы мамилелерге жараша болот, негизи гүл эң жагымдуу белек да. Жалпы айымдарды келе жаткан майрамыбыз менен куттуктайм!

Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:

-- 8-март – айымдардын укугун белгилеп, коргогон күн. Бир жылда бир гана кайталанчу жаз, жашоо майрамы. “Апа, сиз бар – биз бактылуубуз!” деп балдарымдын бетимен өпкөнү – мен үчүн эң чоң кубаныч.

Жийде ЗООТБЕКОВА, журналист:

-- 8-март аялдардын эл аралык майрамы деп айтылып келет эмеспи. Бирок, майрам катары майрамдаганыбыз менен аялдардын укугу, коомдогу орду төмөн.  Мен үчүн да бул майрам жакын адамдарымдын курчоосунда өтөт. Эң биринчи эле ар бир майрамда апамды куттуктаганга аракет кылам. Себеби, ар бир эне ыйык, бирок, балдарынын кадыр-баркына ээ боло алган энелер чанда кездешет. Мен айтат элем, үй-бүлөмдүн аялзаты ошондой кадыр-баркка ээ (!) деп. Кичине кезимен бери майрамдарда торт жеп, же кафеге барып тамак ичүү майрам болгондуктан, бул 8-мартты да ушундай форматта өткөрөт болушум керек. Бирок, жакын адамдарым да мени кубантууну жактырышат. Бир гана бул майрам күнү эле эмес, кадимки күндөрү да баалуу белектерди алып турам. Мен өзүм да аялзатына жана бүткүл кыргыз элине белек тартуулагым келет. Көп жылдардан бери “Үй-бүлө институтун” ачууну ойлонуп жүрөм. Азыр бүт баардыгын пландаштырып койдум, каражат маселесин чечсем эле бүткүл кыргыз элине белек болот эле. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн таланттуу балдарын 18 жашка чейин окутуп, атайын интернатта багуу пландар бар. Мен ойлойм, элге ошондой жакшылык кылгандан кийин чындап башкача сезим, ой менен 8-мартты майрамдоого болот. Ошону ишке ашырсам, 8-март мен үчүн мындан да мыкты, жогорку деңгээлде өтөт деп күтөм.

Жанара АРАЛБАЕВА, бизнес-тренер:

-- 8-март – бул биздин апаларыбыздын, эжелерибиздин, сиңдилерибиздин, кыздарыбыздын майрамы. Бул майрам бүткүл дүйнөдөгү аялзатынын ыйык, аруу, ары маанилүү, ары маңыздуу экендигин моюндоо майрамы деп ойлойм. Анткени биз күнүгө эле аялзатын майрамдатып, барктап, баалап жаткан жокпуз. Бир жылда бир болсо дагы ошол өзүбүздөгү аялзатына болгон сүйүүбүздү, жылуу сезимдерибизди, ыраазычылыктарыбызды билдирип, алардын биз үчүн баалуу экендигин, барктуу экендигин эстете турган эң маңыздуу күндөрдүн бири. Менин оюмча, гүл, китеп белекке берсеңиздер жакшы болот. Бул менин жеке оюм. Анткени биз бир гана материалдык белектерди албастан, руханий дүйнөбүздү байыта турган белектерди да алсак эң сонун болот деген пикирдемин. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер