Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов: “Сокени камабаса, Садыр Нургожоевич да алданып калат”

Качкын Булатов: “Сокени камабаса, Садыр Нургожоевич да алданып калат”

21-декабрь, 09:00
497 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн саныбызда “Экс-президенттердин макамы алынса, Сооронбай Жээнбековго кандай жаза көрүлүшү мүмкүн? Же бийликти колго алып койгону ыраспы?..” деген собол ташталып, “Сооронбай Жээнбеков камала турган убак алыс эмес” деген макала жарык көргөн. Бул боюнча укук коргоочу Качкын Булатов кайдыгер эмес экенин билдирип, кошумча үн кошту.

-- Качкын мырза, экс-президенттердин макамы чындап эле алынса...

-- Экс-президенттердин макамы алынса жакшы болгону турат. Муну эмнеге киргизген? Булар өздөрүн коргош үчүн киргизишкен да. Менимче, ар бир президент кызмат учурунда макамы болушуна каршы эмесмин. Ал эми кызматтан кеткенден кийин эл катары эле “макам-сакам” дебей жашасын. Буларды өтө эркелетип койгонубуз туура эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбековго келсек, анын да макамын алып салып, жоопко тартуу керек. Далай кылмыш иштерин жаап-жашырганы үчүн иш козгосо болот. Ар дайым “мага факти-факти бергиле” деп келжиреп келди. Фактыны апкелсе, көрсөтсө да “бул жетишсиз, дагы бергиле” демиш болуп, канча журналисттерди куугунтуктады? 2020-жылдагы Октябрь окуясы эмнеден келип чыкты? Шайлоону бурмалап, өзү жан тарткан партияларды алып чыгып, элди толкутту. Бул да чоң кылмыш. Соке табиятынан куу, митаам эмеспи, ошондуктан азыркы бийликтин колдоосунда болуп атат. Алмазбек Атамбаевди алдагандай Садыр Нургожоевичти да алдап кетет. Ошого жеткизбей камап салуу зарыл.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер