Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адам өлүмүнө байланыштуу Ленин РИИБ начальниги Азамат Байгазиев кызматтан кетеби?

Адам өлүмүнө байланыштуу Ленин РИИБ начальниги Азамат Байгазиев кызматтан кетеби?

29-май, 22:44
1 371 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Ленин РИИБден кылмышка шектүү адам асынып өлдү. Бул эмне деген шалаакылык? Мындай көрүнүштөн соң начальник Азамат Байгазиев кызматтан кетиши керек болчу. Чаржайыттык, көңүл коштуктун кесепетинен РИИБде өлүм коштолуп атат да, туурабы? Башта кызматкерлери коррупцияга айыпталышып, кармалып келишсе, эми ден соолугу чың адамдарды эле өлтүрүп коё беришеби? Бул жигит жетекчи катары тийешелүү милдеттерин так аткара албай жатып, Ошко чоңоюп кетүүнү айтып жүргөнүн өздүк курамындагылар эле кеп кылышууда. Бишкектин эки районун “курутуп”, түштүккө сапар алабы? Суутуп коюптурбу? Айтмакчы, Азамат Байгазиев Свердлов РИИБни жетектеп турганда, 13 жашар кыздын зордукталганына кайдыгер карап, убагында ыкчам аракеттерди жасабай, коомчулукта чоң резонанс жаратпады беле? Ушундай кадрлардын өсүп атканына таңгаласың да. Колдогон кожосуна таянып, көпкөлөң тартып жүргөнү уят го...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер