Кытай карызыбызды кечүү боюнча кандай жооп узатты?
Акыркы маалыматтарга караганда (ушул жылдын июль айындагы), өлкөнүн жалпы карызы 4,5 миллиард доллар. Анын ичинен 1,7 миллиарды Кытайдын “Эксимбанкына” таандык.
Кытай Кыргызстанды “мамлекеттик карызынан кутулууга дарамети жетет” деп эсептейт. Бул тууралуу “Sputnik Кыргызстан” агенттигине финансы министрлиги маалымдаган. Сентябрь айында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламентте кытайлык Экспорттук-импорттук банкы («Эксимбанк») менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан. Министрликтен эске салышкандай, өкмөт 2002-жана 2005-жылдары Париж кредиторлор клубуна карызды кыскартып берүү боюнча кайрылган. Анда Кыргызстандын бересесинин бир бөлүгү жокко чыгарылган.
“Ал убакта кайрылууга экономикалык оор абалыбыз себеп болгон. Анткени тышкы карыз ИДПдан ашып кетип, оор кырдаал түзүлгөн” деп айтылат билдирүүдө. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча "Эксимбанктан" алынган насыяны өздөштүрүү боюнча чоң талкуу жаралып, министрлик карызды кыскартуу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытай тарап Кыргызстанды “карызды төлөөгө кудурети жетет, абалы туруктуу өлкө, бересесинен кутула алат” деп жооп берди” дешти министрликтен.
Тышкы карызыбыз боюнча экс-финансы министри Акылбек Жапаров 5-каналга төмөндөгүдөй кооптуу ойлорду айтты:
“Датка Кеминде”, альтернативалык жолдо, ТЭЦке алынган канча карызыбыз бар. Бирок убагында бербей калсак, биз бүт сумманы бергенге макул болуп койгонбуз. Алар болсо салынып акырына да чыга элек. Бирок биз карызды убагында төлөбөсөк, арбитражга бербейбиз деп макулдугубузду бергенбиз. Арбитраж болсо Гонконгдо кытай тилинде мыйзамдарды карашат. Анысы да соода жана өнөр жай палатасынын эрежелери боюнча дейт. Алардын эрежесин бир дагы адис билбейт экен. Убагында карызды бере албай калсак суверинтеттен баш тартабыз деген жери бар. Мисалы, ТЭЦке кеткен карызыбызды убагында кайтара албай калсак, кытайлар ТЭЦти башкарууга акылуу. Жолго кеткен чыгымды убагында төлөй албасак, жолубузду алар башкарат. “Датка-Кеминдикин” убагында төлөй албасак, энергетика тармагы аларга өтөт. Африканын Намибия деген өлкөсүнө ошондой ыкманы киргизди.
Кытайдын финансистин алып келип, финансы министри кылып отургузду. Биздин суверендүүлүгүбүзгө таасири чоң, Кыргызстан 2020-жылдан кийин эгемендүү өлкө болобу-болбойбу деген оор суроо турат. Тышкы карыздын көп бөлүгүн төлөө убактысы күн санап жакындап келет. Экономикабыздын, мамлекеттик казынабыздын кейпи болсо көңүл чөктүрөрлүк абалда. Өлкө келечегин бийлик башындагылар терең ойлонбосо, кооптуу күндөргө жакындап келе жаткандайбыз.