Депутат Түмөнбаев экс-президент Сокенин жоопкерчилигин кароону жөн жерден козгогон жок
![](/templates/aryba_kg/images/views.png)
Парламент трибунасынан депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду макамынан ажыратуу, жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрдү. Албетте, колдоого ала турган демилге. Он миңдеген адамдардын жүрөгүн өйүгөн көйгөйдү козгоду. Сокенин кезинде рейдерлик тартып алуулар, коррупция, саясый куугунтуктар, Кой-Таш окуясы, Октябрь төңкөрүшүндө жаракат алгандар, Үмүтбектин атылышы, айтор, арбын айыптоолор каз-катарынан тизилип турат да, туурабы? Негизи Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы эмеспи, Сокенин жоопкерчилигин кароону жөн жерден козгобосо керек. Эгерде чындап эле жазалоо процесси башталса, эл астында бийликтин аброю өсөт. “Кустурса” андан бетер көркүнө чыгат. Ошондо Акылбек Түмөнбаев сыйга татып, акыйкаттын баштоочусу катары кадыр-баркы көтөрүлөрү шексиз. Себеби, эртеби-кечпи ак менен караны ажыратууга барышыбыз керек да...
"Азия Ньюс" гезити