Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Алишер Козуев “кыл көпүрөдөн” өтсө керек...
Депутат Алишер Козуев “кыл көпүрөдөн” өтсө керек...
31-август, 08:27
366 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Сакталып калган депутат Алишер Козуев да сыноодо турганын эшиттик. Паша тарабынан оор тапшырма берилип, ошону аткарса “кыл көпүрөдөн” өтөрү айтылууда. “Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?” дейт эмеспи. Саясый оюндарга аралашпаган, түз жүргөн Алишер Козуев эпчилдигине салып, аракетчилдигин көрсөтсө керек. Эң башкысы, ал Кара-Суу районундагы шайлоочуларына кызмат кылууда. Элдин муктаждыгына жараша мектептен тарта социалдык объектерди курдурууда ийгиликтерге жетишүүдө. Өкмөткө сөзү өтүмдүү депутат катары бааласак болот. Мындай тыңчыкмаларды тизеге чаппай, колдоого алсак, баралына келгенде бакандай саясатчыга айланарынан шек санабайбыз.
"Азия Ньюс" гезити