Кеминде изделип жаткан келиндин сөөгү табылды

Чүй облусунун Кемин районунда мал издеп кеткен бойдон 22-февралдан бери дайынсыз кеткен келиндин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Жел-Арык жайлоосун издөө учурунда алгач келиндин бут кийимдери табылып, андан кийин аялдын жансыз денеси 26-февралда табылган. Ал жайлоодон кайтып келе жатып, үшүгөнү болжонууда. Келин коюу тумандан улам адашып, жол таппай калган.
«Учурда аялдын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн баардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча келин катуу тоңуп калгандыктан, кулап кетип, эс-учун жоготкон. Сотко чейинки процесстер уланууда», - деп билдирди милициядан.
Жаш келиндин артында 1-3-6 жашар балдары калышты.
Эске сала кетсек, 22-февралда Кемин районунун Терек-Жайлоо айыл өкмөтүнүн участкасында 1989-жылы туулган жергиликтүү тургун Д.Н., жайыттан мал айдап келүү үчүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.