Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Айылдыктар деле кыйналышып, “кымбатчылык” деп наалыгандар жетиштүү...”
-- Сабыке, көптөн бери көл жээгинде жашап жатпайсыңбы, кандай анан, айылдык турмушка көнүп калдыңарбы? Мал-сал кармап дегендей...
-- Түбүбүз айылдык да, көнүмүш турмуш. Таза аба, ызы-чуу жок, жайбаракат жашоо. Күн алыс жылуу сууга түшүп, муундардын оорусу унутулду. Кудайга шүгүр, жакшы баары.
Мал демекчи... Байбичем “уй алып бер, саайм” дейт. Жаңы үйлөнгөнүбүздө уйду тушап, бакка таңып берсем да саай албай... Эзели саап көрбөсө, анан “кой” дедим. “Анда тоок багам” деп, гүл өстүрүп жүрөт. Буюрса эмки жазда чакан күнөскана салып берем, ошо жетет. Айтор, мал кармаган жерибиз жок. Мен каршымын. Анүстүнө бала кезим жалаң мал багуу, кой кайтармай, уй кайтармай менен өткөн, билем, көкөйгө тийген да. Ал оор жумуш. “Эки бакыр, бир тукур” пенсионер болсок. “Ары айда, бери тос” дей турган бала-бакыра, неберелер бүт шаарда, өзүбүз деле эки жумада бир шаарга кетмей, анан малыңды ким карайт?.. Оңой эмес. Андан көрө сатып жеген арзан.
-- Сатып жемей демекчи, азыр баалардын кымбаттаганы көпчүлүктүн кабыргасын кайыштырууда. Элетте кантип жатышат?..
-- Баалардын кымбатташы кимге жаксын? Айылдыктар деле кыйналышып, “кымбатчылык” деп наалыгандар бул жакта деле жетиштүү. Бирок шаардыктарга караганда, эт, сүтү, картөшкө, жашылча-жемиши колунда болуп, айылдыктарга кичине жеңилирээктей сезилет го.
Шаарда эт 600-800 сом, быякта 500-600 сом. Бирок көбүнүн малы бар, өзүлөрүнүкүн союп жеп, билинбейт экен. Менин курдаштарым мал тоодон түшүп, аңызды такырайтканча эле эттүү кезинде 20-30дай кой-эчкини союп, тоңдургучка (морозильник) салып коюшат экен. Кышты кыштай четинен кертип, сугунушуп...
Экен деген досум былтыр 45тей кой, 30дай эчкини союп, балдары, өзү болуп, төрт түтүн тоңдургучтарга салып алышты. Эки жума союшту, тимеле ит-куштун баары жыйылды... Ошончо малдын башы, төшү, ич эти эле эмне! Биздин тишибиз кошо чириди го, чиркин! Ошол акыл экен, этинен түшүп кетсе же сойгонго, же сатканга жарабай, тоютка эле зыян болуп. “Эй, бодолорду деле ошентпейсиңерби?” десем, тоңдургучтары жетпейт экен.
Базарда эт кымбат болгону менен сатайын десе булардан арзан алгандыктан, “андан көрө өзүм жебейминби, сага арзан сатып кайра кымбат сатып бурдаганча” дешет тура. Азыр көпчүлүгү эле ошентип, этинен түшө электе союп алмайга өтүшүптүр. Малы көптөрү 70-80, аз дегендери 10 чактыдан өйдө мууздап салышат. Айтор, Тоңдо, айылда эт көйгөйү жок десем жаңылышпасам керек.
-- Жергиликтүү элдин бийликке карата маанайы кандай?
-- Айыл тургай ар дайым активдүү болгон борбор шаарда деле ачык чыгып, катуу сын айткандар азайып, соцтармактарда эле бир аз бетин каткан фейктер бийликти сындап атканын көрүп атпайсыңарбы. Калганы, дээрлик баары эле Арзымат болушуп, Акүйдүн фейк фабрикасында жан багып жүрүшөт. Анткени фактыга таянбай, жалган ушак менен шыбамай коркунучтуу болуп калды. Камалып каласың.
Айылда деле аш-тойлордо нааразычылыктар айтылат, эл болгон соң сын-пикир жаралат да, ооздорун тигип алышмак беле? Бирок айыл жергесинде кеп чынында азыркы бийликти колдоо көпчүлүктү түзүп тургандай. Бийлик жөнүндө кеп болсо эле “ай, карачы, тигини тигинтти, муну апкелди, уурулардын баарын эки бутун бир өтүккө тыгып атат” дешип, санап киришсе эле, оозун ачып келе жаткандар унчуга албай калышат, мукактанышып барып, анан Тоңдун бүтпөгөн жолун, ТВдан уккан кымбатчылыкты божурашат. Болду, ошону менен саясый сөз токтойт, жергиликтүү ушак, мал-жан, жайлоо, сугат, оруп-жыюу, базар баасы... Согуш болбосун, тынчтык орносун... Ушу эле кеп сөздөр.
-- Эки дос бийликке келгенине аз күндө төрт жыл толот. Бул аралыкта жүздөгөн байлар, экс-чиновниктер “кусуп” эле келатышат эмеспи. Мындай аракет карапайым калкка жагууда. Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин душмандары арбыды. Келечекке карай туруштук бере алышабы?..
-- Ооба, каршылаштары арбыды, бирок көбөйгөн менен ал душмандарынын баары ачыкка чыга алышпай, чээнге кирип кетишпедиби. Баш көтөргөндөрдү зынданга тыгып, өпкөсүн үзүп коюп атат. Ал душмандары өзүлөрү ууру-кески, коррупционер болсо, эл аларды колдобой, “эки дос туура кылууда, камасын, керек болсо атсын” деп азыркы бийликти сүрөгөнүн кантесиң?
Башында “Ташиев “кусундулардын” отчетун бербей, өз чөнтөгүнө кетип аткан жокпу?” деген шектенүүлөр айтылып келген. Азыр андай кептер да токтоду. Себеби, төрт жылга чукул убакыттагы аракеттери менен эки дос көпчүлүктүн ишенимине кирип, эл үчүн жанталашып жаткандарын далилдей алышты. Садыр да, Камчы дагы азыр ордо интригаларынын курмандыгы болуу деңгээлинен өйдө турушуп, элдик лидерлер деңгээлине чыгып кетишти. Айрыкча Ташиев “элим-жерим” дегенден башка жол жок экенин көрө билип, накта элдик лидерге айланып, өстү десек жаңылышпайбыз. Болбосо ордодо Бакиев менен Куловду кайраштыргандай аракеттер жакшы эле жасалганын угуп эле аттык. Кудай жалгап, андай ызы-чууларга кабылып, убакытты уттурган жокпуз.
Азыр эми бул эки досту эч ким мурунку бийликтегилер менен салыштырып, “булар да жеке кызыкчылыктары, өз чөнтөктөрү үчүн иштеп атышат” деп айта алышабы? Айта алышпайт. Элдин көпчүлүгү эле “эң туура кылдыңар, давай вперед, давай еще круче!” деп колдошууда. Андыктан, кандайдыр бир геосаясаттын же табигаттын таасири мененби, балким өздөрүн шайтан сайып, көздөрүн май басып, эски тырмоокту тебелеп, кырдаал өзгөрүп кетпесе, азыр эки достун богуна куурай сайчу душман жок.
-- Өкмөт башчы Акылбек Жапаров алтымышка чыкты. Буга чейин бийликтин, жашоонун жыргалчылыгын жакшы эле көрдү. Эми эс алууга кетсе, жаштарга орун бошотсо болобу?
-- Камчыбек Ташиев бекем туруп, ууру-кескилерди, коррупционерлер менен криминалдардын өпкөсүн үзүп, талкалап берип турбаса, Садыр Жапаров кантет эле? Акылбек Жапаров эсеп-чотун жүргүзүп, жоктон бар кылып казынаны толтуруп, реформаларды жүргүзүп бербесе, Садыр Жапаров эмне кылат эле? Бири Камчы болуп, экинчиси Акыл айтып, эки канат күүлөгөнү үчүн Садыр көкөлөп учуп, элдик лидерге айланып отурат. Андыктан, жөндөн-жөн эле “жашоонун жыргалын жакшы эле көрдүң, эми жаштарга орун бошот” деген туура эмес. “Атаң алтымышка чыкканда алдап соолап күчүн ал” деген кеп бекер сөзбү? Анүстүнө Акылбектин командасында тажрыйба топтоп келе жаткан Бакыт Төрөбаевден башка “мына ушул жарайт” деп айта турган жаштар деле жок. Болсо айтчы, кана, кайсы даяр жаштарың бар?
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити