Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Сейил бак зонасында жашагандар салыкты көбүрөөк төлөшү керек”

Дастан Бекешов, ЖК депутаты: “Сейил бак зонасында жашагандар салыкты көбүрөөк төлөшү керек”

25-май, 12:00
345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, “Ататүрк паркындагы турак жайлар бузулбай, бирок алардын мыйзамдуулугу сот аркылуу каралмай болду. Мындай процесстер буга чейин далай жолу болуп, маселе чечилген эмес. Кандай дейсиз, бул жолу да ошондой кайталанбайбы?

-- Мен жолугушуу учурунда айткам, эгер судьялар мыйзамга таянса, алар баш тартууга тийиш. Себеби, сиз айткандай, мурун бир топ эле сот процесстери болгон, бир топ жолу иш козголгон. Атүгүл быякта биз дагы депутаттык комиссия түзгөнбүз. Соттон утулганбыз. Айтор, бул процесстердин баарын көрүп, баштан өткөргөнбүз. Андыктан, эми дагы сот карайт дегени туура эмес. Ал жерде жалаң байлар жашайт дешет. Мүмкүн, чындап эле байдыр, бирок ал үчүнчү, төртүнчү, балким, онунчу сатып алуучу болуп атпайбы. Анын да укуктары болуш керек да. Биз жеке менчикти сыйлабай, бузабыз дей берсек, анда бизде жумушсуздук өтө күчөйт. Мен ошого каршымын.

-- Анда парк зонасында жашагандарга сиз сунуштагандай салыкты көбөйтүп эле чектелиш керекпи?

-- Бул өтө туура чечим да. Себеби, алар паркта жашап атышпайбы. Ал жерде мисалы, сиз, мен жашай албайбыз. Ошондой болгон соң, алар салыкты көбүрөөк төлөшү керек. Туура, паркта жашаганга болбойт, бирок ошондой жайланышып калды. Биз чек араны аныктап койдук, келгиле, эми жер салыктарын көтөрөлү. Ушул эле жакшы механизм. Бирок, мэриядагылар ага макул болбой жатышпайбы...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер