Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жол кырсыктан кыргыз журналисти каза болду

Жол кырсыктан кыргыз журналисти каза болду

10-декабрь, 13:14
566 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россиядагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык жаран каза болду.

Кырсык 7-декабрда Смоленск облусундагы унаа жолдо болгон. Айдоочу — 1970-жылы туулган Мырза Добутов Тула шаарын көздөй бара жаткан.

Ал үй-бүлөсү менен Смоленск облусунда жашачу. Бирок Тула шаарында иштечү. Кырсык болгон күнү "КИА Рио" үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн Тула шаарына жөнөгөн. Ал алдындагы унаадан ашып өтүүгө аракет кылган учурда оң тарабындагы унаага тийип, карама-каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Тез жардам кызматы келгиче каза болгон. Унаада өзү эле болгон. Ал ишкерлик менен алектенчү.

Мырза Добутов 3 уул, 1 кыздын атасы болчу. 

Эскерте кетсек, ал Кыргызстандагы телеканалдарда оператор, алып баруучу, башкы редактор жана Баткен облусттук телеканалда жетекчи болуп иштеген.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер