Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөбек Итигулов: “Осмонкулга пиво ташып, Саякбай менен Чалагыз Иманкуловду үйлөрүнө жеткирчү элем”

Төлөбек Итигулов: “Осмонкулга пиво ташып, Саякбай менен Чалагыз Иманкуловду үйлөрүнө жеткирчү элем”

26-апрель, 09:00
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төлөбек Итигулов аганы капыстан жолуктуруп калдык. 76да деп эч ким айтпайт, тың, эстутуму калыбында, биз көргөн өткөн кылымдын 70-жылдарындагыдай эле шайыр-шатман. Төлөбек агабыз эң биринчилерден болуп комуз күүлөрүн аккордеондун коштоосуна салып шөкөттөп, күүгө бир башкача көрк берген жаратман адам. Эң өкүнүчтүүсү, бу кишиде мамлекеттик наам, сый-ургаал жок. 

-- Төлөбек ага, кыяк тартканды кимден, канча жашыңызда үйрөндүңүз?

-- 4-класста окуп жүргөн кезимде атам кайтыш болуп, жакын агаларымдыкында туруп калдым. Мектепке бараткан жолдо Митрофан деген улуту украинби же оруспу, айтор, ошо кишинин үйүнүн жанынан өтөм. Митрофандын болгон эрмеги гармошка ойнойт. Анын добушу кулакка жагымдуу угулуп, жүрөк кылдарымды термелтет. Үйүнө киргенден тайсалдап, терезесинин түбүндө отуруп мукам обондорун угуп черим жазылат. Өзгөчө кечки тамактан кийин самогондон бастырып туруп чекесинен тер чыккыча ойнойт чиркиндики! Үйдүн сыртынан тыңшап жүргөнүмдү аялы байкап калып, Митрофанга айтып коюптур. “Гармошка жагабы? Ойногуң келеби? Үйрөтөйүнбү?” деп калды, мен “ооба” дедим. Бир шарт койду: чочколоруна, каз-өрдөктөрүнө түшкүсүн суу бериш керек экен. Ары жактан апкөч менен 10 чака суу ташып, мал-салын сугарып коём. Үйгө барып байкеме бир самоор чай кайнатып берем. Анан Митрофан мага кыяк черткенди үйрөтө баштады. Дээримде бар окшойт, эки жарым ай дегенде айылга атагым чыгып кетти. 

-- А залкарларга кантип жолугуп калдыңыз эле?

-- Ал кезде кыякты аябай жакшы ойноп калгам. Бир күнү эле “артисттер келиптир” деп калышты. Шекербек Шеркулов, Эстебес Турсуналиев, Асанкул Шаршенов ж.б. экен. Концерт бүткөндөн кийин Абаскан агай мени залкарларга ээрчитип барып, “Эстебес, мобу кирбийген бала биздин айылдын чоң музыканты. Кыякта ойнойт, угуп көрүп, баа берчи?” деди. Эстекем мени баштан ылдый бир карап туруп “кана, билгениңди ойно!” дегенде эле муун-жүүн бошоп, денени калтырак басты. Кантсе да атактуу адамдардын алдында бир аз сүрдөп барып токтодум. Карап отурамбы, ошол күнкү концертте ырдалган ырлардын баарын ойноп таштадым. Кол чаап жиберишти. Уу-дуу болуп, мени “алып кетебиз” деп чыгышты. Абаскан агай “ушулар менен кетесиңби?” дегенде эмне деп айтарымды билбей, ыйлап, айта турган сөзүмдү жутуп алып, баш ийкей берипмин. Ошентип 14 жашымда филармонияга кыякчы болуп жумушка орношком.

-- Мен билгенден, биринчилерден болуп аккордеонго кыргыздын комуз күүлөрүн салгансыз. Буга ким түрткү берген?

-- Филармонияда иштеп, анан жер-жерлерге гастролго чыга баштадык. Бир жолу Ат-Башыга барып, Шекербек аке “эй Төлөбек, комуз күүлөрүн аккордеонго салып көрбөйсүңбү?” деди. Мен “билбейм, окшошпосо керек?” дедим. Шекем колуна комузун алып “Ибаратты” чертип баштады да, “кана, мени ээрчи, коштоп көр” деди. Эки-үч сыйра кайталагандан кийин эле “сенин жөндөмүң мыкты, колуңдан баары келет тура. Кечки концертке чейин да кынаптасак болот” деп койду. Анан эле Шекем эч кимге айтпай, кечки концерт учурунда эл алдына чыгып, “бүгүн бизде чоң жаңылык, Карамолдо Орозовдун “Ибарат” күүсүн кыяктын коштоосунда Төлөбек Итигулов экөөбүз ойноп беребиз” деп ийди. Чыктык, ойнодук. Концертке келгендер кайра-кайра суранып ойнотушту. Эл уу-дуу, кубаттаган кол чабуулар далайга токтободу. Көшөгөнүн артындагылар андан бетер куттукташып, “аябай сонун болду!” деп атышты.

-- Төлөбек ага, айтсаңыз, кыргыздын комуз күүлөрүн кыяктын коштоосунда жогорку деңгээлде көрк берип шөкөттөгөнүңүз белгилүү маэстро Асанкан Жумакматовго дем, шыкак бергени чынбы?

-- Гастролдон келгенибизге бир жумадай болуп калган, “сени Асанкан Жумакматов издеп атат” деп калышты. Жүрөгүм “шуу” эле дей түштү. “Сен эмне аккордеонго кыргыздын күүлөрүн саласың?” деп урушат го” деп чочуладым. Андай болбоду. Кабинетине эртең менен кирип, кечкурун чыктык. Улам-улам, билген кыргыз күүлөрүмдү ойноп берип аттым. Кабинеттен чыгып атканымда Асанкан Жумакматов “бүгүнкү экөөбүздүн жолугушканыбызды эч кимге айтпа! Эч ким укпасын, билбесин!” деп өктөм айтты. Азыр ойлосом, ошондо ойногон күүлөрүм ага чындап эле дем, шыкак бериптир. Анткени, аз өтпөй эле оркестрдин коштоосунда кыргыз күүлөрү Асанкан аганын дирижерлугунда обого жаңырып калды. 

-- Сиз көптөгөн залкарлар менен иштешип калдыңыз, ушу боюнча да кыскача айта кетсеңиз?

-- Сурат, эми бул жагын болгонун болгондой айтып берейин. Осмонкулга нечен жолу пиво ташыдым, абдан жакшы көрчү. Саякбай менен Чалагыз Иманкуловдорду коноктон кийин үйлөрүнө далай ирет жеткирдим. Алымкул Үсөнбаев чекемен сылап, “талантың бар баласың, өнөрүң өркүндөй берсин!” деп батасын берген. Ыбырай Туманов менен Мыскал Өмүрканова эженин комуздарын көтөрүп жүрдүм. Шекербек Шеркулов менен эркелешип тамаша кылчу элем, Рыспай Абдыкадыров менен эки жыл батирден батирге көчүп-конуп чогуу туруп калдык... Атаңгөрү кайрандар! А Келдибек Ниязов байкең менен 1969-жылдан бери ага-ини, курдаштай жүрөбүз. Жогорудагы аттары аталган инсандардын кулк мүнөздөрүн, жүрүм-турумдарын айтып отурсаң том-том китеп болот...             


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер