» Саясат » Данияр Жаныкуловдон башка чиновник пара алганда дароо камалат беле?
Данияр Жаныкуловдон башка чиновник пара алганда дароо камалат беле?
20-апрель, 13:36
710 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош облусунун губернатор орун басарлыгынан Данияр Жаныкулов пара алууга айыпталып, кызматынан кетти. Башкы прокуратура ишмердигин иликтеп жатканы кабарланды. Кызык, айрым эксперттердин билдирүүсүнөн алсак, эгерде “атажуртчу” эмес, башка чиновниктин акча алып аткан видеосу чыкса, токтоосуз түрдө камалып, андан соң иши тергелмек экен. Ооба, учурда коомдук пикир ушул жагынан козугандай... Кичине убакыттын өтүшү менен алган “конверттери” да унутулуп, элдин маанайы башкага бурулуп кетеби? Ошондо ишин жаап коюшабы? Кандай болгон күндө да, саясый упай алып келаткан Данияр Жаныкулов эл астында уят болуп калды. Канчалык актанса деле бетке чиркөө окуясы эстен кетпейт да...