Аманбол Бабакулов: “Тергөөдө Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев суралышы керек эле”

-- Аманбол, кечээ шаардын Биринчи Май райондук соту 12-13-декабрь күндөрү “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, жарандык активисттердин камактагы мөөнөттөрүн дагы эки айга узартты. Сен такай ошол жерде жүрөсүң, ушул боюнча эмне дейт элең?
-- Соттук протоколдор өзгөрүлүп, баштагы эмес, кайрадан жаңы протоколдор түзүлүптүр. Мурункудагы Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевдер жок. Негизи, ушу эки депутат да сотко чакырылып, суралышы керек эле. Тилекке каршы, кандай жагдайлар менен өзгөрүлгөнү бизге белгисиз. Ушундан улам эки эл өкүлүнүн ысымдары аталбайт экен. Абактагы жаткандардын айтымында, 53 күндөн бери болгону бир эле жолу сурак жүрүптүр. Калган учурда убактылуу кармоочу жайда жатышыптыр. Эми 22-февралга чейин мөөнөттөрүн узартып салды. Эң кызыгы, баардыгына чыккан чечимдердин коёндой окшоштугу болуп атат.
-- Бул эми кандай?
-- Жеке пикиримде, муну саясый буюртма катары ачык эле айта алам. Себеби, 20дан ашык адамды 53 күн ичинде болушунча тергеп, сурачусун сурап, соттук териштирүүлөр аягына чыгып, толук кандуу “күнөөсү бар” же “жок” деп чечим чыгат эле. Анан эчтекени коё албай жатып, дагы эки айга созуп атканы таптакыр түшүнүксүз болуп атат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити