Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мен өзүмдү каалоосу жок төрөлгөн каракчыдай сезем...

Мен өзүмдү каалоосу жок төрөлгөн каракчыдай сезем...

25-сентябрь, 13:09
1 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Атыңыз ким, сулуу кыз?

-- Нурзада.

-- Сонун. Атыңызды ким койгон?

-- Мм... 

“Таякем” деп ичимен кайталадым. Суроосун жоопсуз калтырдым.

Ойго баттым. Мен төрөлгөндө эч ким деле маңдайы жарыла сүйүнбөптүр. Себеби, апам, атам кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, никеге чейин эле жашыруун жакындашып алышат. Каалабаган жерден мен боюнда болом. “Сенсиз жашоо жок” деген убадалар унутулуп, жалындаган сүйүү жек көрүүгө айланат. Апам ичи чоңойгон сайын элден уялып, көчөгө чыга албай калат. Апам атамдын жок болуп кеткенин ар нерсеге жоруп, сөз жугузбай жүрүп, акыры үмүтү үзүлө баштайт. Ошентсе деле “келип калабы” деген үмүт кургур тынчытпайт. Күбүр-шыбыр сөздөрдүн аягы тыйылбайт. Таенем, таякем эл алдында баш көтөрө албай калышат. Атам болсо суудан кургак чыгып, эч нерсе көрбөгөн, билбеген адам болуп жүрө берет. Көп өтпөй жаш кызга үйлөнүп алат. Ал сөзгө ишенбеген таенем, таякем “уялбагандан өзүң уял” деп үйүнө барышат. Ата-энеси менен эмне жөнүндө сүйлөшүлгөнүн билбейм, бирок ошондон кийин акыркы үмүтүн үзүп, ооздору жап болот.

Мен төрөлөм. “Кандай ат коёбуз?” деп деле эч ким кызыкдар болбойт. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы келгенде эле таякем кошунанын кызынын атын жөн салды эле коё салган.

Эми менин атым жагып калган жигитке эмне дээримди билбей турдум.....

-- Өзүңүз дагы сүйкүмдүү, ак жуумал сулуу экенсиз, - деди менин атымды сураган жигит.

Биринчи жолу мен өзүм жөнүндө чын жүрөктөн айтылган жакшы кеп уктум. Негизи өзүмдү каалоосу жок төрөлгөн каракчыдай сезем, келбеттүү жигиттин мага берген баасы менин өзүмө койгон баамдан алда канча жогору болду. Мен эс тартып баштаганымда апаман ажырап калдым. Тирүүлөй ажырадым. Башка адамга башын байлады. Башында баарына макул болгон адам турмуш жолунда башкача болуп чыга келди. Мени өз баласындай көрмөк турсун, менден эртерээк арылуунун түрдүү жолдорун таап чыкты. Акыры жанымдай көргөн апам экөөбүздү ажыратып жаны тынды. Апамдын колун дайыма коё берчү эмес элем. Мени жетелегенде ыплас дүйнөдөн, жаман көз, жаман сөздөн колу менен коргоп тургандай сезчүмүн. Алаканынын мага тийген жылуулугунан ыйлап жатып соорончумун. Апамдын жанында аалам гүлгө орончу. Апамдын жанында муздак кар жааса, бакыт жаагандай сүйүнчүмүн. Ошол бактымдан көз ачып жумганча ажыратып тынышты. Аска-зоо, ай талаада жалгыз калгандай болдум. Бешиктен бели чыга элек бала үчүн апасынан ажырап калуу кандай оор экенин жакшы билесиз....

Азыр мага апам ошол күндөгүдөй керек эмес. Себеби, мен чоңойдум. Азыр мага келген кыйынчылыкты көкүрөгүм менен өзүм тосо алам. Анда канчалык оор экенин айтууга сөз жетпейт.Таякем менен таенем канчалык үйрүлүп түшпөсүн, апамдын урушканына да тең келчү эмес. Бир жылдан соң мен сагынган апам инилүү болгонумду сүйүнчүлөп келди. Апам таякемдин үйлөнүү тоюн өткөрүп кетти. Той бүттү. Менин ата ордуна ата болгон таякем башка адамга айлана баштады. Мага көңүл бөлбөй, жеңемдин жанынан чыкпайт. Мен жалооруп карайм. “Кантип эле?” деп ишенбейм. Түнү ыйлайм. Мээримге муктаж күндөр өтө берди. Бир күнү алысыраак эжелер келди. Алар билмексен болуп, менин ким экенимди такып сурашты. Таякем никесиз төрөлгөнүмдөн бери божурап айтып берди. “Беш жаштагы кыз эч нерсе түшүнбөйт” десе керек. Ар бир сөзү бычаксыз мууздап кеткендей болду. Чындык ушунчалык оор тийди. Ал окуяга менин күнөөм кайсы? Ошол күндөн таякеме болгон сагыныч, кусалыгым суу сепкендей жок болуп, жек көрүүгө айланды. Медерим, күйөрүм таенем эле калды.  

Мектепке бара баштадым. Баарынын атасы бар. Менин гана атам белгисиз. Эжей “үй-бүлөңөр тууралуу айтып бергиле” десе, мен партанын астына кирип кетүүгө аз калам. ‌Эч ким менен дос боло албайм. Бой салып чоңойгон сайын далымды куушуруп, кабагымды атайын бүркөп жүрмөй адат таптым. “Мага эч ким сүйлөбөсүн” деп атайын кылам. Таенем урушат, “далыңды түз кармап, керилип, жылмайып жүрбөйсүңбү, бойго жеткен кыздай болуп” дейт. Менде андай абал кайдан, жандүйнөмдү кантип, кимге түшүндүрөм? Ушундай күндөрдүн биринде кошуна үйгө жаңы келин келди. Алыстан акмалап жүрдүм. Жаш келиндин жоолугу, кызыл көйнөгү кимди болсо да каратат. Сууга барганда көрдүм, ак жуумал, назик, сулуу келин экен. Ал мага карап жылмайып койду. Мага сүйлөйүн деп оозун ачканда, мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетип калдым. Ушул келиндей сулуу, назик, татынакай болгум келди. Үйгө жетерде таякемдин аялы урушуп кирди, “кыбырабай бол, сууну алып кел, тамак күйүп кетмей болду, сөлдүрөгөн жетим” деди. “Эч ким укпадыбы” деп артымды карадым. Эки кадам ары жаңы келин келип калыптыр. Жер жарылса кирип кетмекмин, жарылбады. Көзүмдүн жашы сууга тыпылдап тамып жатты...


Аксана Рыскулова

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер