Эң бай Араб өлкөсү жашоого жараксыз болуп бара жатканы айтылды

![]()
Дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири болгон Кувейт глобалдык жылуулуктун жана бийликтин абага зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууну каалабагандыгынан улам жашоого жараксыз болуп бара жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кувейт – планетадагы эң ысык өлкөлөрдүн бири. Өткөн жылдын июнь айында өлкөдө абанын температурасы 50 градустан ашкан. Климат боюнча жергиликтүү эксперттердин болжолдоосуна ылайык, 2071-2100-жылдары өлкөдө орточо температура климаттык нормадан 4,5 градуска ашып, мамлекеттин аймагын жашоого жараксыз кылат.
Жергиликтүү жаратылыш ансыз деле коркунуч алдында турат: канаттуулар жайкысын суу менен көлөкө таба албай өлүшөт, ал эми сүт эмүүчүлөр ысыкка чыдабай калышат. Мындан тышкары, жапайы жаныбарлар табигый чөйрө таба алышпай, шаарларга чейин келишүүдө.
Кувейт – дүйнөдөгү эң ири мунай чыгаруучу мамлекеттердин бири. Бул өлкөнүн абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун кыскартууга каражаттын жетишсиздиги эмес, бийликтин аракетсиздиги себеп болууда.









