Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарындык 67 жаштагы бейтап каза болду

Нарындык 67 жаштагы бейтап каза болду

08-июнь, 12:08
584 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Нарын облусунда 67 жаштагы бейтап каза болду. Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнь күнү Нарын облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Анын абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай, кечээ 7-июнь күнү каза болду. Бейтаптын кан басымы жогору жана аз кандуулук оорусу (анемия) бар болгон. Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат” деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2032ни түзөт. Алардын ичинен 1445 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 23 адам каза болду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер