Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизди экономикалык кыйынчылыктар күтөт. Көз каранды өлкөлөрдүн келечеги күмөн”

“Бизди экономикалык кыйынчылыктар күтөт. Көз каранды өлкөлөрдүн келечеги күмөн”

28-март, 18:03
3 538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адылбек Касымалиевдин өкмөт башына келгенине жүз күн толуптур. Ишмердигине кандай баа берсек болот?

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:

-- Өкмөт башчы мындай жооптуу кызматка келе жатканда эмнеге аттанганын, кандай идея, программаны ишке ашырарын, командасы кандай болорун, кайсы убакытта экономикалык көрсөткүчтөр өзгөрүп, реалдуу реформалар жүргүзүлүп, элдин, мамлекеттин шарты жакшырарын айтышы керек эле. Мисалы, Канадада жакын арада парламенттик шайлоо болот, уткан партия лидери премьер-министр кызматын ээлейт. Азыркы учурда так идеялары, программалары менен эки лидер дебаттарда, эл, журналисттер алдында кармашууда. Мына ушундай маданияттуу, ачык, атаандаштык менен өткөн саясый күрөштө гана мамлекетти өзгөртө турган адам премьер-министр боло алат. Жеке пикиримде, жакын арада өкмөт толугу менен кетип, жаңысы келиши мүмкүн.

Эрнест Карыбеков, эксперт:

-- Адылбек Касымалиев мурункудай, өкмөт башчысынын биринчи орун басары болуп иштегендей эле мамлекеттин каржы экономикалык саясатын аткарып келе жатат. Эч нерсе өзгөргөн жок. Демек, система өзгөрбөсө, аткарып жаткан кызматкерден эч нерсе чечилбейт. Албетте, салык системасы өзгөрүүдө. Өкмөттү натыйжалуу башкаруу үчүн президенттин алдындагы улуттук стратегиялык демилгелер институту өкмөттүн жаңы структурасын түзөт деп атышат. Бирок, натыйжа чыкпайт го. Өнүгүү жолуна түшүп алыш үчүн азыркы системаны түп-тамырынан өзгөртүү керек. Мен төрт жыл мурун сунуштагам: Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчылыгына мен-мен деген "штучный" адистерди топтоп, президент өкмөттү буйрук менен башкарышы керек. Ошондо министрликтерге "эмне кылабыз?" деп кайрылбай (алар формалдуу жоопторду кайтара беришет, азыркы мыйзам жана өкмөттүн чечимдерине таянып), "ушул буйрукту аткаргыла!" деп буйрук берип иштетиш керек. Ошондо “кайсы мыйзам, кандай расмий чечимдер тоскоолдук кылып келет?” деп мыйзамдарды да ревизия кылып алсак болот. Эң биринчиден, президент келечекти, өнүгүү жолду көрсөтүшү керек. “2050-жылы кандай максатка жетишибиз керек? Элдин жашоо турмушу канткенде жакшырат?” деген максаттар коюлушу абзел. Ошондо өзүбүздүн экономикалык моделибизге түшөбүз. 

Кыргызстанда көп нерсе мамлекет башчысынан көз каранды, президент чечет, албетте, өкмөт башчы да күчтүү болсо, натыйжа алып келет. Азыркы система менен келечекте Кыргызстанды көп экономикалык кыйынчылыктар күтөт. Көз каранды өлкөлөрдүн келечеги күмөн.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер