Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Байсалов “омикрон” штаммы Кыргызстанга да келерин эскертти

Эдил Байсалов “омикрон” штаммы Кыргызстанга да келерин эскертти

15-декабрь, 11:53
1 895 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирустун “омикрон” штаммы Кыргызстанга 2022-жылы келиши мүмкүн экенин билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Байсалов Кытайдын 1,5 млн. доза Sinopharm вакцинасын алуу иш-чарасында элди, өзгөчө улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

“Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы omicron штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясы күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек”.

Байсалов Кытай мамлекетине гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер