Алтынай Кариева: “Менин ишимди саясатка, динге аралаштырбагыла!”
Вирус жайылып, элибиз оор абалдагы күндөрдү баштан кечиргенден бери бир топ жаш улан-кыздар эл кызматында жүрүшөт. Алардын бири демилгечи Алтынай Кариева күнүнө 2-3 саат эле уктап, күндүр-түндүр эл кызматында. Демилгечи кызыбызга ырахмат. Бирок алардын атынан да ысымдарын чыгаргысы келген пайдакорлордун бар экендиги өкүнүчтүү. “Достор, менин кылып жаткан ишимди коммерцияга, политикага, динге аралаштырбагыла! Мен элге колуман келген жардамымды акысыз көрсөтүп жатам. Менин атымды колдонуп уюмдар, фонддор ЭлСом ачпагыла, сураныч!
Медик эмес адамдар медиктерди өз кызыкчылыгында колдонуп жатышат -- бул туура эмес! Мен жана менин командам аркылуу өзүнүн атын чыгаргысы келгендер -- менин башымды оорутпагыла!
Ушундай кыйын учурда силер эле мага жетишпей тургансыңар! Ишиме тоскоол болбогула! Жардам бере албасаңар да, зыяныңарды мага тийгизбегиле!” деп Алтынай кайрылуусун жолдоду.