Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2022-жыл тууралуу Ванга менен Нострадамустун айткандары

2022-жыл тууралуу Ванга менен Нострадамустун айткандары

01-январь, 15:27
4 367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү астролог жана көзү ачыктардын келе жаткан 2022-жылга карата божомолдорун карап көрөлү. Кандай болгон күндө да мындай "көзү ачыктыктар" дайыма кызыгуу жаратып келишкен.

2022-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону баары беришет. Мындан көп жылдар илгери эле белгилүү экстрасенстер жана астрологдор жооп берүүгө аракет кылышкан. Булардын ичинен эң эле белгилүүсү Нострадамус деген ат менен таанылган Мишель де Нотрдам 2022-жылга карата да өз божомолун айткан. Болгариялык "Факти" басылмасы анын бул айткандарын атайын изилдеп чыкканы маалым. Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгери билгендерин латын, италия, грек жана эски француз тилдерин аралаштырып, атайын белгилер менен жазып кеткен. Анын баардыгы "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" аттуу китепте төрт муундуу уйкаштыктар (катрен) аркылуу берилет.

Болгар басылмасынын маалыматы боюнча, Нострадамус 2022-жылы Түштүк жана Түндүк Корея биригип, натыйжада КЭДРдин азыркы лидери Ким Чен Ын тактан кулап, куугунтукка кабылганда Россиядан жардам сурарын айткан. Анын үй-бүлөсү Түндүк Кореяны 65 жылдан бери башкарып келет. Ким Чен Ын 2011-жылы 17-декабрда атасы өлгөндөн кийин тактыга отурган.

Мындан тышкары, келе жаткан жылы космоско учууга кенен мүмкүнчүлүктөр ачыларын жана көптөгөн өлкөлөр күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн билдирген.

Нострадамустун айткандарын андан ары карап отурсак, 2022-жылы АКШнын бийлиги өлкөнү мурункудай башкара албай, ишбилгилиги төмөндөй турганын белгилейт. Бул анын саясый аренада алсыздашына алып келмекчи.

Ошондой эле жаратылыш ресурстарынын азайышынан улам, айрым мамлекеттер ортосунда куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөр бомбалоодон жабыркай турганын боолгологон. Анын келечекке болгон айткандарында Кытай да айтылат. Бул өлкөнүн саясаты дүйнөлүк экономикалык тең салмактуулукту түзүүгө көбүрөөк багытталат жана юань жаңы дүйнөлүк валюта болуп калышы ыктымал.

Ал эми Италия каржылык көйгөйгө кептелип, андан улам өлкөдө жумушсуздук өсүп, Европанын кризистик аймагына айланары жазылган.

Муну менен катар 2022-жылы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү электр энергиясына болгон баанын өсүшүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алуу максатында күн энергиясын пайдаланууга өтөрүн Нострадамус да айткан.


Ванганын алдын ала божомолдору

Белгилүү болгариялык көзү ачык Ванга 2022-жылы адамзаттын алдыга чоң кадам таштоосуна түрткү болуучу глобалдык ачылыш жасаларын божураган. Ал аны "күндөн да күчтүү энергия булагы" деп атайт. Аталган эл аралык басылманын билдирүүсүндө, кеп термоядролук изилдөөлөрдүн тегерегиндеги ойлоп табуу тууралуу болушу мүмкүн.

Анын айтымында, бул энергия булагы жерге Венера планетасынан келет. Анын келиши "жер акыры эс ала турган" мезгилге туура келери болжолдонгон. Эксперттер белгилегендей, анын бул болжолдоосу энергиянын табигый булагы жер бетинде акырындык менен түгөнүп, 2022-жыл бүткүл адамзат үчүн бурулуш чекит болорун билдирет.

Ванга эл колунда акчасы жок туруп, укмуш бай болорун айткан. Божомол карта аркылуу банктык төлөм системасы жана криптовалюта тууралуу болушу мүмкүн. Ошондой эле Чыгыштан келген балээ бүт дүйнөгө тарай турганы айтылып, анын аркасы менен көптөгөн адам каза болсо да, эл ага көнүп, кошо эле аралашып жашап каларын кошумчалаган. Муну эксперттер коронавирус пандемиясы менен байланыштырат. Көзү ачык Ванга дүйнө беш "эки" турган жылы коркунучтуу эпидемия менен кез келерин билдирген. Мында өткөн жылдын 22-февралынан 22 декабрына чейинки мезгил аралыгын көрсөтөт (22.02.2020 жана 22.12.2020). 

Белгилүү көзү ачык Россия Батыш өлкөлөрү менен мамилесин үзүп, Кытай менен жакындашуусу мүмкүндүгүн билдирген. Россия өзүнө келген сыноону татыктуу жеңерин да кошумчалайт.

Муну менен катар белгилүү көзү ачык 2022-жылы эч кандай согуш жана жаратылыш кырсыктарын көрбөгөндүгүн айткан. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер