Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: “АКС подстава жасап, “шарашкина контора” болуп калды”

Сабыр Муканбетов: “АКС подстава жасап, “шарашкина контора” болуп калды”

04-февраль, 22:43
1 724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сабыке, салам. Көрүнбөй калдың. “Майдан” гезитинин мурунку редактору, президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, бир топ жыл бирге иштешкен Нургазы Анаркуловдон кабар алдыңбы? “Камалды” дешти, “бошонду, камалган жок” дешти. Үн каткан жоксуң го?

-- Рахмат Суке, өзүм да ушу тууралуу айтайын деп келдим эле, сен билгендей... Мен сыртта жүрүп, так ошол камалган күнү келдим.

Биринчи эле Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү менен тааныштым. “Мен Нургазыны тааныйм, күнөөсү болсо жооп берет, тааныштык жардам бербейт” дегенсиген сөздөрдү угуп таңкалдым. Президенттин аппаратындагы таасирдүү фигураны УКМКнын астындагы АКС камакка алып атса, анын күнөөсү бар-жогун билбей туруп Ташиев кандай буйрук берет? Ал кылмыш болгону шексиз болсо гана буйрук бермек да. Андай ишенимдүү болгон күндө, Камчы жанагыдай “күнөөсү болсо жооп берет” деген күмөндүү сөздү айтмак эмес. Демек, анда АКСке буйрукту президент өзү бергенби? Болбосо тикелей жетекчиси Ташиевге, президент Садыр Жапаровго айтпай президенттин аппаратындагы таасирдүү кызматкерди камакка алгандай АКСтин башы экөөбү (?) деген ой келди.

    -- Анда кимдер уюштурушу мүмкүн?

-- Кандайдыр бир мамлекеттик жоопкерчилик деген түшүнүктү сезбеген тайыз  ойлуу кутумчулар жалган жалаа арызды колдонушуп, президенттин башын айландырып, АКСти айдап алышып, Ташиевди аттап өткөртүшүп, ушундай  аракеттерге барганы айкын болуп калды. “Андайга ким бара алат?” деген суроого бир эле жооп болушу мүмкүн. Бул президенттин өтө жакын туугандарынын иши болуп калган сыяктуу го? 

-- Күмөндүү иштин изине түшүп көрчү? Эл арасында да талкуу жаралып кетти...

-- Ал аңгыча соцтармактарда коомчулук, журналисттер жамааты да иш таза эмес экенин байкап, санаркоо, шектенүүлөрдү билдиришип, үн ката башташты. Бул иш бир арам ойлуулардын атайын уюштурган чагымы экени башынан эле байкалып, коомчулук тарабынан “подстава” деп бааланды. Айткандай эле, 48 саатка жетпей УКМКнын өкүлү “Нургазы Анаркулов камакка алынган жок” деген сыяктуу маалымат таркатты. Ташиев “ии камапсыңар, кана ишти көрөлү” десе, “пара талап кылып атат” деген чала тоголок арыздан башка эч кандай вещдок (пара) жок. Арыз жазган адам да көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатса кантишет (“мен сюжетке бир эле жолу катышып, арызга кол коюп бергем, көрсөтмө бербейм” деп качып атса)? Иш сынат да анан. Бул эми Нургазыны Камчы тааныган үчүн текшерилип, ачылды. Башка жөнөкөй кызматкер, жөнөкөй адам болгондо кандай болмок? Чыркырап кетмек да, туурабы? 

-- Анда АКС мыйзамсыз ишке барганбы?

-- Эмне үчүн коррупция менен күрөшө турган маанилүү, таасирдүү орган кутумчу, жалган жалаа жаап, жеке кызыкчылыктарын канааттандыруучуларга оюнчук болуп калган? АКС өз ишин аткарбай эле үй-бүлөнүн кызматын аткаруучу орган болуп калганбы? Ташиевдин, Жапыкеевдин ишин угуп, көрүп атабыз. АКСти ким укту? Уктук мына, биринчи жолу, анысы да жалаа, подстава жасап, “шарашкина контора” болуп калып жатпайбы. 

Эми мынабу АКСти “кол бала” кылып, ушундай ыплас ишке барып, өз максатына жеткендер, чын-чынына келгенде, биринчи кезекте президенттин аброюна катуу шек келтиришти да. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча терең ойлонуп, тартипке салып, АКСтин жетекчисин жоопкерчиликке тартып, аны айдап алган жакындарын, туугандарын тыйбаса, өздөрүнө эле жаман.

-- Аябай катуу кеттиң го? Жыйынтыктоочу сөңүң кандай? 

-- Анан ошентип, эки ортодо Садыр Жапаров Нургазы Анаркуловду кызматтан бошотуп, ордуна башкасын дайындап таштады. Кутумчулардын планы ишке ашты. Бала “оюнчук” болду, жок жерден жаманатты болуп, тагдырына балта чабылып атат. 

Садыр түрмөдө жатканда “Нургазы, Нукен” деп телефон чалып жүргөнүн эшеги ылайдан өтөрү менен унуттубу? Нургазынын адам укугу, сөз эркиндиги, чындык, адилеттүүлүк үчүн көп жыл тынымсыз, тикесинен тик туруп келгенин билип туруп, иш менен үстүртөн бир таанышып койбой, өзүн чакырып бир ооз сурап койбой, кол шилтеп, көркоолордун колуна салып бергени адамгерчиликке жатпайт! 

Садыр Нургожоевич! Камчыбек Кыдыршаевич! Кетирген катаңарды моюндап, көркоо, жалакорлордун жазасын берип, Нургазы Анаркуловго моралдык колдоо көрсөтүп, ак жерден караланган аброюн калыбына келтирип, кечирим сурагыла! Болбосо силерге болгон ишеним өчкөндөн өчө берет! Арты силер да ошондой адилетсиз тагдырга тушугасыңар! Эсиңерге келгиле!


Сурат Жылкычиев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер