Билл Гейтс: “Коронавирус 2022-жылы токтошу мүмкүн”

Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс FOX телеканалына маек куруп, анда коронавирус пандемиясы эң жакшы дегенде 2022-жылы токтойт деп айтты.
«Эпидемиянын аягы жакшы дегенде 2022-жылга туш келиши мүмкүн. Бирок, 2021-жылдын ичинде, эгер биз глобалдык күрөшкө жакындасак, вирустун жайылышын азайта алабыз. Кудайга шүгүр, вакцина технологиясы мурунтан эле бар, каржылоо келди, компаниялар мыкты адистерди жумушка тартты. Ошондуктан мен бул түбөлүккө калбайт деп оптимисттик көз караштамын» деди Билл Гейтс.
Гейтстин айтымында, Америка Кошмо Штаттары вакциналарды иштеп чыгууда жетишилген ийгиликтердин аркасында 2021-жылдын жай мезгилинде кадимки жашоосуна кайта алат. Ошол эле учурда, Гейтс АКШнын жакыр өлкөлөрдө вакциналарды өндүрүү жана жайылтуу боюнча аракеттерди көрбөй жаткандыгына капа болгонун айтты.