Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: «Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтөлү”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: «Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтөлү”

11-декабрь, 09:00
525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Акбөкөн мырза, өлкөнү өндүрүш өнүктүрөбү же салыкпы?

-Негизи өлкө салыктан түшкөн акча менен жашайт! Албетте, өндүрүш өнүксө салык да көбөйөт, салыктын ставкасы азаят.

-- Салыкчылар өздөрү өзгөрүүгө даяр эмес үчүн соодагерлер митингге чыгыштыбы?

-- Менин оюмча, салыкчылар да, өкмөт деле өзөрүүгө даяр. Болгону, элге түшүндүрүү иштери начар жүргөн. Ошон үчүн ушундай каршылык кылышты. 

-- Президент жарым жыл патент менен иштегиле дегенди аргасы жок айттыбы, же салык системасындагы татаалдыкты жөнөкөйлөштүргөнгө чейинки убакытты болжодубу?

-- Президент митингге чыккан элди тынчытайын деген максат менен айтты окшойт. Эми митингди уюштурган базардын ээлери менен иштейт го. Президент, өкмөт артка кетпейт болуш керек. Акыры кассалык аппараттарды койдуртат. Менин оюмча, түшүндүрүү иштери начар жүрүп жатат. Соодагерлерге ККМдин артыкчылыктарын түшүндүрүп, үйрөтүп, жардам бериш керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер