Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмилбек Абдыкадыров Бишкектеги кызарган жердин баарын эле пулдап атабы?

Эмилбек Абдыкадыров Бишкектеги кызарган жердин баарын эле пулдап атабы?

02-июнь, 20:43
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жумушуна киришкени шаардыктар нааразы боло башташты. Бул эргул курбай эле бүлдүргөнү кандай? Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждарды талкалатып алдырып, эми анын орду таштанды талаасына айланып, аңгырап жатат. Эки айдан бери эч кандай иш башталган жок. Же “соодасы” келишпей создугуп кеттиби? Ал эми гезит-журнал саткан күркөлөрдү четинен тазалатып, карапайым элдердин күнүмдүк тапкан оокатын жокко чыгарууда. Алакандай жерлерден бери пулдап кирдиби? Бул суроого жооп береби? Айтор, Эмилбек Абдыкадыровдун мэр катары программасы, алдыга койгон пландары жок эле көрүнгөн жерди жулуп алуу, башка акчалууларга карматуу жоруктары улана береби? Күч органдары кызыгышып, жасап аткан иштерине алдын ала бөгөт коюшса, элдин сообуна калышат беле? Баарын “жайлап” кеткенден кийин кеч болуп калбайбы? Түшүнүксүз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер