Бермет Таабалдиева: “Айданбек Акматовго тагылган айып негизсиз жана мыйзамсыз”


Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активист жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам журналист Айданбек Акматовдун жубайы Бермет Таабалдиева айымды кепке тарттык.
-- Бермет айым, жолдошуңуз Айданбекке тагылган айып боюнча айтсаңыз? Камакта отурганы канчалык деңгээлде негиздүү?
-- Айданбек Акматовго тагылган айып такыр негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейм. Бул жагын баардык адвокаттар жана укук коргоочулар айтып жатышат. Ошол себептен адвокаттар, укук коргоочулар жана депутаттар бийликке бир нече жолу кайрылуу жасашты. Булардан тышкары, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары да кайрылуу жасашып, кармалгандар мындай мыйзамсыздыкка жана укуктук зөөкүрлүккө каршы ачкачылык да жарыялашты. Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок, бийлик эч кимди тоготпой, өз билгенин жасап, мыйзамсыз иштерин улантууда.
-- Учурда Айданбектин абалы, ден соолугу, жаткан жеринин шарты кандай болууда?
-- Айданбектин ал жактагы ал-акыбалын биле албай жатабыз. Адвокаттардын “жакшы” дегенин эле угуп коюп жүрөбүз. Башка эч кандай кабар жок. Мыйзамсыз жана негизсиз кармалганы аз келгенсип, бийлик камалгандардын укуктарын бузуп, жолугушууга эч кимге уруксат бербей жатат. Бул болсо абактагылардын жана алардын жакындарынын укуктарын тебелеп-тепсеп жатканынын дагы бир далили!











