Азамат Темиркулов: “Министрлер кабинети жашыл экономика боюнча беш жылдык иш-чара план кабыл алган”

Президенттик аппараттын реформа талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы менен маек.
-- Жашыл экономика боюнча бийлик тараптан кандай иштер жүрүүдө? Экономикабызды өнүктүрүүгө салымы болобу?
-- Өткөн жылдын 24-декабрында министрлер кабинети жаңы беш жылдык иш-чара план кабыл алган. Ошол иш-чара планда өзгөчө бир “Жашыл экономиканы өнүктүрүү” деген бөлүмдү киргизгенбиз. Кыргызстандын жашыл экономикасы кандай болуш керектиги, өнүктүрүү жолдору бүт ошол бөлүмдө жазылган. План өзү 850 иш-чарадан турат. Анын ичинен 350нүн тегерегиндеги иш-чаралар экономикага арналган. 100дөй иш-чара жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында иштеп чыгарылган. Ошол пландын негизинде министрлер кабинети иштеп жатат. Январь айында бир жылдык план кабыл алынган. Азыр ошол бир жылдык, беш жылдык пландар боюнча мамлекеттик органдар иш алып барууда.
“Жашыл экономиканы өнүктүрүү” деген бөлүмдүн ичинде дагы бөлүмчөлөр бар. Биринчи бөлүм токой чарба боюнча. Токой чарба келечекте экономиканын бир багыты болот. Бүтүн планетада токой чарба аркылуу көмүртек рыногу түзүлүүдө. Биз да ошол рынокко катышып, өз ордубузду ошол рыноктон алып калуубуз зарыл. Экинчи бөлүмү багбанчылыкка арналган. Себеби биздин мөмөлөр абдан ширин болот. Биз менен бул багытта эч ким атаандаша албайт. Тоолуу, жерлерибиз таза, бир да химикат көргөн эмес. Андан тышкары, жашыл энергетика боюнча да бөлүм бар. Күндүн энергиясы, шамалдын энергиясы менен ошол багытты өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар. Таштандыларды кайра иштеп чыгаруу боюнча да багыт бар. Азыр ошол жагы маанилүү болуп турат. Себеби таштандылар Кыргызстанда көп. Алар табигатыбызга зыян келтирүүдө. Заводдорду ачсак, алар таштандыларды иштеп чыгып, энергия ж.б. продукцияларды чыгарышы мүмкүн.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити