Бир күнү сен сууктан коркпой каласың...
Ооба, бир күнү сууктан коркпой каласың. Кандай гана суук болбосун жөн гана жылуу оронуп аласың да, жашооңду улантасың. Андан кийин сени чыккынчылык кылып, капа кылып же оорутуу мүмкүн болбой калат. Мунун баары корккондо гана болот, ал эми коркпой калганда эч нерсе болбойт. Анткени, сен эң жаман нерселерди башыңдан өткөргөнсүң, эми эч нерсе сени таңкалтыра албайт. Ошондо түшүнөсүң: жашоо коркуу токтогондо гана башталат.
Сууктан, ысыктан, капалыктан, ачуулануу сезиминен, жоготуулардан, айыптоолордон, ушактардан, акылсыздардан, ажырашуудан, жалгыздыктан, чыккынчылыктан, алтургай өлүмдөн да. Анткени, коркуу эч кимге жана эч нерсеге жардам берген эмес. Коркуу бардык корккондордун өмүрүнүн жарымын тартып алган, бирок жардам берүүгө жараган эмес.
Коркуу сезими жок болсо, сага бир нерсе ачылат: сени жактырбоо – бул жактырбагандардын маселеси, көңүл калуу – көңүлү калган кишилердин маселеси, сындоо – сынчылардын маселеси. Бул жерде сенин эч кандай тийешең жок. Анткени, же диалог болот, же алар сага жакын болбой, алысыраак «монолог» сүйлөй беришсин.
"Азия Ньюс" гезити