Үйлөнүү тойдон соң курбум жолдошумду тартып алды…
“Адам баласы ийгиликтүү үй-бүлө курганга караганда, ийгиликтүү карьера куруп кетүүсү оңой” деп эксперттер айтып келет. Чындыгында чакан мамлекет куруунун түйшүгү жана жоопкерчилиги тоодой чоң. Аны сактап калуу андан дагы мүшкүл иш. Жашоонун дагы бир сыноосуна кабылган Нуркыз (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын окуясы менен бөлүшүүнү туура көрдүк.
-- Башында баары жомоктой башталган. Төрт ай сүйлөштүк, романтика, күнүгө жагымдуу смс, букет, конфет ж.б. Андан соң анын чечими менен баш кошууну туура көрдүк. Үлпөт той мен кыялдангандай болгон. Кечеде тууган-туушкандарым, ата-энем, жакындарым – баары бизге суктанып турушкан. Биздин тойго мени жандап жүргөн курбу кызым Айнура да келген, ошондо жолдошум экөө биринчи жолу таанышкан. Арадан убакыт өтүп, эмнегедир курбум Айнура мага бат-бат келе баштады. Бирок мен үйдө иш жок отургандыктан, анын келгенин кубанып тосуп алчу элем… Баш кошконубузга жыл айланбай, жолдошум мени жактырбай, көп сын пикир айтып, нааразычылыгын билдирип, үйгө түнөбөй баштады. Экөөбүздүн ортобуз муздагандан муздап баратты... Ошентип жолдошум мени ачык эле кемсинтип, жүрөктү ооруткан сөздөрдү айтып баштаганда мен үйгө кетип калдым…
Көрсө, мен кеткенден кийин эле ал курбу кызымды үйгө алып келип алыптыр. Алардын мамилесине жарым жылдай болуп калган экен. Бул тууралуу Айнура мага айтып кечирим сурады. Экөөнүн жолун ачып беришимди өтүндү. Менин жакын адамдарым бетиме карап күлүп, көзүмө чөп салып жүргөнүнө жаным өрттөнүп турат. Эмне кылам? Кантип кечирем? Кантип жаңы жашоо баштайм? Суроолор көп, бирок азыр жооп жоктой, караңгылык каптагандай болуп турам…
Оilon.kg