Урмат Самаев тартипти катуу кармап, Жалал-Абадды өнүктүрүүгө салымын кошууда

“Көрө-көрө көсөм болосуң, сүйлөй-сүйлөй чечен болосуң” дейт эмеспи. Анын сыңарындай, Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары Урмат Самаев барган сайын тажрыйбасы артып, ийгиликтүү иштеп жатканын жергиликтүү тургундар айтышууда. Чиновник, кызматкерлерге талапты катуу коюп, тартипти камсыздаганын чогулуштардан байкап атабыз. Облусту өнүктүрүүгө салымын кошуп, иш кылган көрүнүктүү жетекчилердин көч башына чыкты. Мындай арымы менен кете берсе, алдыда далай ийгиликтерди багындырары шексиз. Биздин баамыбызда, орун басар эмес, өз алдынча облусту башкарууга деле жарап калды. Жаш болсо да чыйрактыгын көрсөтүп, чымыркана иштеп жатканына баракелде! Саясаттын такшалуу жолунда Урмат Самаевдин барандуу фигурага айланарына үмүт арткандар да арбын.
"Азия Ньюс" гезити