Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жоомарт Аматов: “Райымбек Матраимовдон он эсе ашкан байлар бар, бирок алар жакшылык жасашпайт”

Жоомарт Аматов: “Райымбек Матраимовдон он эсе ашкан байлар бар, бирок алар жакшылык жасашпайт”

13-январь, 20:36
3 509 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жоомарт мырза, Райым Матраимов Африканын кайсы бир өлкөсүндө таза суу чыгарып бергени боюнча маалымат тарады, сен деле билсең керек. Ушу боюнча оюңду уксак дедим эле? 

-- Ооба, бул маалымат менен мен да таанышмын. Африкадан кудук казып, суу чыгарып жатканы жаңылык эмес, биринчи жолу болуп аткан жок. Кыргызстандык ишкерлер, анын ичинде дин аалымдарыбыз Африкада кудук каздырып, суу чыгарып берип жүрүшөт. Угушума караганда, ал жактан кудук казып, суу чыгарып берүү акысы 50-60 миң сомдун тегерегинде болот экен. Маалыматка ылайык, дал ушул агабыз азыркы күнгө чейин Кыргызстандын ичинде жүз миңдеген адамдарды суу менен камсыз кылууда. Миңдеген оор операцияларды карапайым элге чет мамлекеттерден жасатып келет. Тилекке каршы, агабызга болгон жалган каралоонун уланып жатканына бир аз түшүнбөйм! 

-- Убагында Райым мырзаны сын-пикирге алгандар көп эле. Азыр тескерисинче, кылган иштерине карата кубаттоолор арбып барат. Сыры эмнеде?

-- Кээ бир Батыштын саясатын колдогон, ошол жактан каржыланып, алардын камчысын чаап, кыргыздын саясатын колдобогон журналисттердин жалган каралоосуна туш болгон Райымбек Исмаиловичти карапайым эл эми гана түшүнүп, чындыкты билип аткансыйт. Убагында кандай гана арзанчылык болду эле? Өткөн чакты жандүйнө менен сезип, туюп турабыз. Тарых чындыкка жеткирди. Райымбек Матраимовдун кадырын билип, дагы көп эстейбиз, бул башталышы гана! 

-- Райым мырза менен кандайча жакындыгың бар? 

-- Райымбек Матраимов менен жеке мамилем жок. Мен Өзгөндүн кулунумун, Райымбек Матраимов Кара-Суудан болот. Менин колдогонумдун себеби, Райымбек Исмаилович бажыда иштеп турган учурда Дордой”, Кара-Суу базарларына товарлар Кытайдан түз келип, саткан адамга да, алган адамга да арзан болгон. Эми минтип Казакстанга көз каранды болуп отурабыз. Райымбек Матраимов – боорукерликтин символу! Андан он эсе ашкан байлар бар, бирок алар жакшылык жасашпайт. Кудай буюрса, Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду улуттук идеологияны камтыган алдыңкы фондго айлануудаКелечекте Кыргызстанга социалдык чоң долбоорлорду ачыктап, ишке ашырып, элибизге кызмат кылабыз!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер