Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жазып келе жатасыз, эптүү кармап, Жараланган жүрөктүн учу менен...

Жазып келе жатасыз, эптүү кармап, Жараланган жүрөктүн учу менен...

25-апрель, 19:30
388 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Калемдеш агам Абдиламит Матисаковго!)

Биз жашаган жерде сиз жашап туруп,

Бир жактарга кеткендей адаштырып – 

башкача бир сөздөр таап балгын, ширин,

Бар насилди тиздиңиз акак кылып! 


Биз жашаган доордо сиз жашап туруп,

Бир жактарга тозгондой адаштырып – 

башкача бир ыйман таап басмырт, мөлтүр,

Бар санатты тиздиңиз акак кылып!


Бир кертими дайранын – сакалында,

Бир кертими тоо-таштын – макалында:

карыянын, элеттик карыянын

касиет-сыр каргып тур кадамында.


Балдарына бергендей деңиз кертип,

Байбиче жүр чөлкөмүн бейиштентип.

Ыйбаа жакка ылдыйлап... бели ийилүү...

Ымыркайды энеси эмизгенсип...


Ахлак менен аруулап өрт өмүрдө,

Аяр сүйлөйт жигит, кыз көркөм үндө. 

Үйлөп отту тамызып... жалындатып...

Үйдө тургай, алып жүр чөнтөгүндө.


Тантык, тайыз заманда кереңбиз бир,

Тайкы менен тажаалда белем тизгин. 

Жашагым бар сүйлөшүп сиздин тилде,

Жашагым бар каармандар менен сиздин.


Каны-демин каптатса учур эгер, 

Калем деген – калайман куту белем!

Жазып келе жатасыз, эптүү кармап, 

Жараланган жүрөктүн учу менен... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер