Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тажик тарап ок атса, биз да уктап жаткан жокпуз, согушка айланат...”

“Тажик тарап ок атса, биз да уктап жаткан жокпуз, согушка айланат...”

18-февраль, 12:00
18 510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жазга карай саясый кырдаал тынч эле болобу? Оппозициянын аракети, камактагылар кантет? Эгерде ички чыңалуулар жаралса, тажиктер ыңгайдан пайдаланып, кайрадан чатак чыгарышпайбы?” деген суроо салдык.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Бүгүнкү күндө жеке эле Кыргызстанда эмес, мурдагы Советтер Союзуна кирген республикаларда кандайдыр бир шартта каатчылыктар күчөп турган убагы. Россия менен Украинанын ортосундагы согуш өзүнүн залалын Кыргызстанга да тийгизүүдө. Ар жылы “жаз мезгилинде саясый кырдаал күчөйт” деген имиштер буга чейин да болуп келген. Бу да бекеринен эмес экенин 2005-2010-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүштөр далил катары көрсөтүп атат. Өлкөбүздөгү экономикалык-социалдык абалдар, баалардын жогорулашы, кымбатчылык, аны менен кошо каатчылык – мунун баары саясый абалды курчутуп атканы анык. Негизинен, жаз айында баардыгы жанданып, ошондой эле коомдун социалдык, саясый, экономикалык тармакка көз карашы башка багыт, жаңыча пикирлерди жарата турган мезгил болуп калыптыр. Ошон үчүн “быйыл жазында саясый кырдаал күчөйбү же күчөбөйбү?” деген суроо коомчулукта пайда болууда. Тилекке каршы, акыркы убакта Кыргызстанда саясый кырдаал тынч эмес. Экономикабыз начар, баардык жактан баалардын өсүшү дагы өз таасирин тийгизүүдө. Андыктан, жер-жерлерде кандайдыр бир саясый күчтөр, чакан топтор орчундуу маселелерди көтөрүүнүн аркасы менен нааразычылыктарын билдириши мүмкүн. Ошондой жагдайга бүгүнкү бийликтин шилтеген опурталдуу кадамдары көптөгөн ойлорду жаратат. Өкмөттүн жасап аткан ишине көпчүлүк учурда коомчулук ишеним артпай атканын байкайбыз. Ал эми саясый маселелер боюнча камалгандар жакын арада мыйзамдуу түрдө чыгышат. Алар деле мамлекеттин өнүгүшүнө жамандык каалабай, салымын кошуш үчүн аракеттерин кылууда. Артында жактоочулары, колдоочулары жок эмес. Булардын коомдогу кадамдарына бийлик провокацияга алдырбай, туура чечимдердин негизинде иштешсе, жазында боло турган кыйчалыш кырдаалдан жөнөкөй жол менен чыгып кетүүгө баардык шарттар түзүлөт. Эгер тескерисинче жагдай жарала турган болсо, коңшу Тажикстандын бийликтеги кээ бир адамдарынын “ушундай учурдан пайдаланып кетебиз” деген да ойлору бар болушу мүмкүн. Себеби, акыркы убакта тажиктер менен болгон мамилебиз ойдогудай эмес, чек ара маселеси толугу менен чечилген жок. Бизге жакын жайгашкан жерлеринде аскердик оор техникалары, курал-жарактары менен камданып турушкандай. Биздики да уктап жаткан жок, ал ачыктан-ачык көрүнүп турат. “Учкундан жалын тутанат” деп бекеринен айтылган эмес. Кокус чек арада тажик тараптан ок атылып кетсе, анын аркасы согушка айланып, оор жоготуулар, адам өлүмү менен коштолот. Согушта эч ким жеңишке жеткен эмес. Андыктан эки өлкө мындай чыр маселени ок атуу менен эмес, дипломатиялык жол менен чечүүсү зарыл экенин билишсе жакшы болмок...

Чынара Эсенгул, саясый серепчи:

-- Менин оюмча, жазга карай өлкөбүздөгү кырдаал тынч эле болот. Анткени, тышкы, ички да күчтөр андайга даяр эмес. Бирок, даярдык көрүшү мүмкүн... Ошол эле Афганистан менен Украинадагы болуп аткан жагдайды эске алсак, талибдер өздөрүнүн бийлигин күчтөнтө албай атышат. Украина менен Россия бир топ күчүн согушка кетирүүдө. Батыш өлкөлөрү Украинаны каржылаганы үчүн Россия постсоветтик өлкөлөргө, Борбор Азияга көңүл бурганга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок, албетте, көз салып турушат. Ал эми ички саясатта каталар кетип, авторитардык режимдин күч алуусун көрүп атабыз. Аны “башкаруу системасын күчтөнтүү” деп түшүндүрүп атышат. Бирок, ошол эле учурда аша чаап кеткендери байкалууда. Кыскасы, ички саясат туура эмес багытта баратат. Өлкөдөгү саясый чыңалуу көбөйгөнү менен келе жаткан жазда кандайдыр бир опурталдуу деңгээлге жетет (!) деген ойдон алысмын. Мүмкүн күзгө жакын байкалып калаттыр... Дегеним, ички оппозиция чыңалуусун күчөтүп, Украина менен Россиянын жагдайына карап, ошол эле учурда талибдер менен жана башка экстремисттик топтордун байланышы кандай болот, ошол жактан тажиктер да күчүн карашат. Албетте, Өзбекстан менен Казакстан да көз салып атышат. Алар өздөрүнүн экономикалык жактан кызыкчылыктарын коргогонго коопсуздук керек болгон үчүн баары менен сүйлөшүүгө макул. Эки чоң тышкы фактор: Афганистандагы талибдердин башкаруусу канчалык бекийт жана башка экстремисттик топторду көзөмөлгө ала алат? Россия–Украина жагдайы кандай нукта өзгөрүүлөргө дуушар болот? Алар азырынча Кыргызстанга өзүлөрүнүн кишилерин бийликке апкелип, бийлигин күчтөнтөм деген ички өзгөрүүлөргө кызыкдар эмес, мүмкүнчүлүгү деле жок.  

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Азыркы мезгилде бүткүл дүйнөдө күтүүсүз кризистер. Россиянын агрессия менен Украинага согуш ачуусу, Түркия жана Сириядагы масштабдуу зилзала трагедиясы,  Афганистан жана авторитардык режимге өтүп аткан мамлекеттердеги кыздарга, аялдарга болгон опурталдуу апартеид. Мына ушунун баарына биздин бийлик саресеп салып, жаңыча иштеп, каатчылыктан чыгуу үчүн, элибизге, жерибизге коопсуздук шарт түзүү үчүн президентке акылдуу лидер команда керек. Азыркы бийлик теңдик принциптерди колдонуп, горизонталдык платформаны түзүшү зарыл. Журналисттер, жарандык коом менен плюралисттик форматта байланышта болушу шарт. “Тоскоолдуктарды кантип бирге жеңебиз?” деп иштөө азыр өтө керек болуп турат. Баткен трагедиясы жана ар кандай кризистерге даяр болушубуз керек. Кыскача ушундай. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер