Жамалбек Ырсалиев: “Жумушчулар шаарчасындагы мончонун буусуна тийбей, оңдоп-түзөө иштерин жасадык”


Бишкек жылуулук энерго-коммуналдык ишканасынын директору менен маек.
Жамалбек иним бул кызматка келгени көптөгөн жумуштарды баштап, түмөн түйшүккө батыптыр. Анын алгачкылары иш жүзүнө ашып атканын өз көзүм менен көрүп, жүрөгүм жылып кайттым. Алсак, №5 муниципалдык мончону мындан бир жарым ай мурун нөлдөн баштай турганын кеп кылган. “Сүрөт аке, (мени ушинтип айтат) бул мончону жомок кылам” деген эле. Биз кечээ жеринде барып тааныштык. Иш кайнап атыптыр. Баардык жеринде жумушчулар кумурскадай жыбырап жүрөт. Бирөөнүн колунда сыр, бирөөнүн колунда ширеткич ж.б. Негизи Жамалбек иним иштерман, жаны тынбайт. Мончонун ичин аралап чыккыча Түркиянын Мимсан заводунан 16 отказан келип калды. Эми көмүр менен иштеген 22 отказандын 16сы жаратылыш газы менен иштээрин айтты.
-- Жамалбек, көптөрдү күттүргөн №5 мончо жөнүндө сурайын деп атам, оңдоп-түзөө иштери качан бүтүп, качан ачылат?
-- Өзүңүз көрүп тургандай, мончонун оңдоп-түзөө иштерин жасап, бүтүп баратабыз. План боюнча 7-сентябрда Кудай буюрса ачабыз. Ага чейин да жасала турган иштер көп.
-- Көпчүлүк суранган буусу кандай болот?
-- Бул боюнча биз кабардарбыз, эң негизгиси, буусуна тийген жокпуз. Буга чейин кандай болсо, ошол бойдон калтырдык. Калган жерлерин заманбап кылганга аракетибиз күч болууда. Көп жерлерин жакшы жактарына ылайыктап, чечинип-кийине турган шкафтарды (эсил кайран СССРден калган) котордук. Дат, көк баскан шыптарды алып, керме шып тарттырып, чайынуучу душтарды алмаштырдык. Алдыңкы кабатта атайын майыптар жана аз камсыз болгон адамдар үчүн жууна турган жайды камдап атабыз. Буга чейин бул нерсе болгон эмес.
-- Көпчүлүк адамдар ишемби жана жекшемби күндөрү келет. Ушуну эртең мененки саат жетиден баштап иштетип койсо болобу?
-- Биз бул жагын сүйлөштүк. Саат сегизден эмес, жетиден баштап иштей турган болду.
-- Баасы канча болот?
-- 200 сомго токтодук. Мурунку баага 40 сом гана кошулду. Анткен менен биз кардарлар үчүн жакшы шарттарды карадык. Кадимкидей кассадан билет аласыңар, ал жерден чип менен ачкыч жана тапочка берилет.

Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











