Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 12 киши суукка тоңуп өлдү

Бишкекте 12 киши суукка тоңуп өлдү

27-ноябрь, 09:31
994 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Республикалык соттук-медициналык экспертизанын директору Данияр Кошоковдун билдиргенине таянсак, акыркы эки күндө Бишкек шаарында сууктан тоңуп өлгөндөрдүн саны 12 адамга жетти.

24-ноярдан 25-ноябрга караган түнү беш киши суукка тоңуп каза болгону аныкталган. Алардын үчөө аял, экөө эркек. Андан бери дагы суукка тоңгон жети адамдын сөөгү табылган, алардын баары үй-жайсыз адамдар.

Бишкек шаарынын мэриясы шаарда суук күчөгөнүнө байланыштуу үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр ачылганын билдирген.

Жибек Жолу № 413 дарегинде «Коломто» борбору. Учурда бул жерде 74 адам бар. Бирок үй-жайы жок, көчөдө жүргөн деп катталып, жашап тургандардын саны 80ден ашат. «Коломтонун» телефону — 30-48-55. Фере көчөсүндөгү №34а үйүндө ушундай дагы бир жай иштөөдө. Анда 51 киши баш калкалап турат. Телефону: 36-03-35. Ошондой эле Токомбаев көчөсүндө жайгашкан «Тазалык» ишканасынын имаратына келип баш калкаласа болот. Телефону: 51-19-38.

Эскерте кетсек, бугүн 27-ноябрдан тарта өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөй турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти/

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер