Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилектеш Ишемкулов: “Ар бир университеттин ийгилиги – анын эмгек жамаатынан көз каранды”

Тилектеш Ишемкулов: “Ар бир университеттин ийгилиги – анын эмгек жамаатынан көз каранды”

11-февраль, 22:40
1 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тилектеш агай, сиз кыргыз журналистикасынын легендасына айланган саналуу инсандардын бирисиз. Анын өсүп-өнүгүү жолу өзүңүздүн өмүрүңүз, жандүйнөңүз аркылуу өттү. Бүгүн да кол куушуруп отуруп албастан, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору катары келечектеги журналисттерди даярдап жатасыз. Өз ишиңизге ыраазысызбы?

-- Албетте, ыраазымын. Болгондо да өтө терең ыраазымын. Түпкүлүктүү кесибим мугалим, андыктан өзүмдүн адепки эмгек чыйырымды элеттик мугалимдиктен чийип, тагдырдын буйругу менен туура 33 жылдан кийин ушул куттуу окуу жайына келип, улан-кыздарга билим берүүдөмүн.

-- Сиз жалпы эле бүгүнкү жаштарды кандай баалайт элеңиз?

-- “Биз да жаш болгонбуз” дегендей, аларга мүнөздөмө берерден мурда өзүңүздүн өтүп кеткен жаштык мезгилиңиздин бийиктигинен туруп көз жүгүрткөн туура болмокчу. Анткени, ошол туштагы улуу муундагылар бизге сын көз караш менен мамиле жасашып, “о, кокуй, азыркы жаштар болбой калды, начар, андай-мындай” деп калар эле. Алар көп учурларда жаңылышып жүргөнүн кийин, биз чоңоюп, билимге ээ болуп, өз алдынча иштей баштаганыбызда толук түшүнүшкөн. Демек, бул атамзамандан бери карай келаткан адат. Байыркы гректердин бир ойчулу тарыхый эстеликтерди изилдеп жүрүп, тактайдын бетинен: “Азыркы жаштар, тилекке каршы, мурункудай эмес” деген жазууну таап алган экен. Ал эми орустун улуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов жаш муундарга терс көз караштарга каршы чыгып, “жаштар – келечектин барометри” деген баа берген. Карабайсызбы, адамзаттын тарыхында мурунку муун кийинкилерине ушундай көз карашта болгон. Бирок, жаш муундагылар улам тың чыгып, таш доордон жасалма (искусственный) интеллект заманына келбедикпи.

-- Учурдагы жаштардын кандай айырмачылыгы менен артыкчылыгын белгилей алмаксыз? 

-- Буга БМУда окуп, билим, тарбия алып жатышкан улан-кыздарды эле мисалга тартсак жетиштүү болмокчу. Буюрса, өлкөбүздө өтө дилгир, ой жүгүртүүсү терең, демилгелүү, чыныгы патриот жаштар келе жатышат. Ар жыл сайын жүргүзүлгөн социологиялык талдоолор көрсөткөндөй, бизде окуган студенттердин 70%га жакыны улуттук интеллигенциябыздын каймактары – мугалим, дарыгер, илим-билим, адабият, маданият тармагында жүргөндөрдүн балдары экен. Демек, алар кичинекейинен тарта китептердин арасында өскөн, ыр, музыкага ышкыбоз, руханий байлыгы калыптанып калгандар болуп саналышат. Үй-бүлөнүн, чөйрөнүн таасири менен алардын турмуштук баалуулуктары да башкача. Көз чаптырып көрсөң, дээрлик баардыгы маданияттуу, сылык-сапаа, жүрүш-турушу тартиптүү. Мындай жагымдуу жагдай менен кырдаал окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын, жетекчилигинин күнүмдүк иш-аракеттери менен калыптанган.

-- Өлкөбүздөгү 50дөн да арбын жогорку окуу жайларынын ичинен БМУнун ар жыл сайын алдыңкы орундарды ээлеп келе жатканынын сыры эмнеде?

-- Мындай кырдаал биздин окутуучуларыбыздын, жалпы эмгек жамаатыбыздын, арийне, жетекчилигибиздин изденип иштешинин, илим-билим майданындагы жаңычылдык (инновациялык) жетишкендиктерди, жаңы техника менен технологияларды колдоно билиши менен түшүндүрүлөт. Мунун натыйжасында, БМУ өлкөдөгү алдыңкы беш университеттин катарында келе жатат. Муну билим берүү жана илим министрлигинин, көз карандысыз комиссиянын жана коомдук уюмдардын иликтөөлөрүнүн тыянактары далилдеп турат. Ал эми республикалык рейтингде гуманитардык багыт боюнча БМУ биринчи орунда.

-- Учурдагы КМШ өлкөлөрү боюнча билим берүү тармагын интеграциялоо (бир бүтүнгө келтирүү) багытында БМУда кандай жылыштар бар?

-- Буга бир-эки эле далил келтирсек жетиштүү болот. Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы ири уюштурулган кыргыз-орус университеттеринин ректорлорунун эл аралык билим берүү форуму БМУда өттү. Бул маанилүү иш-чарага Россиянын билим берүү министри жана Москва мамлекеттик университетинин ректору, академик В.А.Садовничий баштаган бул өлкөнүн эң алдыңкы 45 университетинин ректорлору катышты. Алар БМУнун ал-абалы, мүмкүнчүлүктөрү, окутуп тарбиялоо жараянынын уюштурулушу менен таанышып, студенттер, профессорлор менен аңгемелешип, абдан ыраазы болушту. В.Садовничий БМУга “эл аралык деңгээлдеги мыкты университет” деген бийик баасын берди. 

Мындан сырткары, эки ай мурда Казакстандын алдыңкы университети катары таанылып, дүйнөлүк рейтингде эң алдыңкы орунду ээлеп келген Евразия университетинин ректору, Казакстандын ректорлор кеңешинин төрагасы Ерлан Сыдыков жетектеген 15 университеттин ректорлору бизге келишип, БМУга абдан жогорку баа берип кетишти. Албетте, биз буларды эл аралык даражадагы баа катары кабыл алышыбыз абзел. 

-- Мына ушундай ийгиликтерге жетишүүдө университеттин жетекчилигинин ойногон ролу да бийикпи?

-- Абдан туура собол. Эгерим, андай болбогондо, биз ошол бийиктикке кантип көтөрүлмөкпүз? Ал жетекчибиздин эмгек жамааттын ишмердигин туура уюштура билгендигин, ынтымак-ырашкерлигин күчөтүүнүн, аны менен катар калыс жана кылдат саясатты ишке ашыруунун аркасы менен камсыз болгондугу күмөнсүз. БМУда ушул тапта окутуучулар, административдик кызматкерлер болуп миңге чамалаш адам эмгектенет. Бирок, көз тийбесин, бизде ушул күнгө чейин ар кандай арыз жазуу, даттануу, ички ыйкы-тыйкылар, топко жарылуулар, жүрүшкө чыгуулар жок. Эмгек жамаатыбыз бүтүндөй күч-кубатын, интеллектуалдык ресурсун бөлүп-жарууга эмес, жаратмандыкка сарптагандай кырдаал түзүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул өтө чоң уюштуруучулук талантты талап кылат. Ректорубуз доктор, профессор Абдылда Инаятович Мусаевге мына ушундай сапаттар толук мүнөздүү. Ошондуктан аны жалпы жамаат дайыма 90-95% менен шайлап келе жатат. 

Бүгүнкү базар экономикасынын катаал шартында университеттер 90%га чейин өздөрүн өздөрү багууга мажбур. Мамлекеттик каржылоонун үлүшү жокко эсе. Непада, жетекчи күчтүү менеджер болбосо, тийешелүү турпаттар менен тил табыша албаса, түркүн түйшүктүү кырдаалдарда өзүнүн ишбилгилигин, ийкемдүүлүгүн тастыктай албаса, анда күтүлгөн жыйынтыкка жетишүү оор иш. Жетекчиси күчтүү, кадыр-барктуу болгондо гана университет өнүгөт, мугалимдердин таман акысы артат. Эгер ал чабал болсо, тескери жыйынтыкты күтө бер.

-- Ректоруңардын коомдук тариздеги дагы кандай милдеттери бар?

-- Ал өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын төрагасы. Ага бул милдет билими терең, тажрыйбасы мол, илими-билим чөйрөсүндөгү бедели бийик, өз мезгилинде министр да болуп эмгектенгендигин эске алуу менен жүктөлгөн. Мындан сырткары, ал КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдор ассоциациясын жана республикалык маанидеги кыйла коомдук уюмдардын да мүчөсү.

-- Тилектеш агай, сиз БМУнун чыныгы патриот күйөрманы экендигиңиз көрүнүп турат. Окуу жайыңардын эл аралык байланыштарына да токтоло кетсеңиз?

-- Ооба, мен өзүмдү анын патриоту, жактоочусу, колдоочусу катары кабыл алам. Чейрек кылымдан артык мезгил бою мында үзгүлтүксүз эмгектенип, жети ректорунун кеңешчиси (анын ичинде А.Мусаевге эки сапар) болуп, ушул жердин нанын жеп келатсам, кантип патриот болбойм? Мындан улам, менин айткан-дегендеримди курулай мактоо-жактоо эмес, карыя журналист-жазуучунун калыс сөзү катары кабыл аларыңарга ишенем. Экинчиден, БМУну айрым эксперт-талдоочулар “Кыргызстан менен эл аралык билим берүү мейкиндигинин ортосундагы көпүрө” деп да коюшат. Бул менимче, туура аныктама. Бизде окутуу дүйнөнүн 16 тилинде жүрүп жатпайбы. Көп тилдер, бөтөнчө, чыгыш (япон, корей, кытай, араб, иран ж.б.) тилдери боюнча КМШ өлкөлөрү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү сынактарда биз дайыма биринчибиз. Жыл сайын алыскы чет өлкөлөрдөн 500-600 студент келип окуйт да, болжол менен ошончо студент чет өлкөгө окууга, ар кандай мөөнөткө кетишет. Бул эл аралык рейтингдер боюнча абдан жакшы көрсөткүч. Бөтөнчө, Кыргызстан боюнча Кытай өлкөсүндө таанылган жападан-жалгыз диплом биздин университеттики...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер