Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус эпидемиясынан сактануучу жолдор

Коронавирус эпидемиясынан сактануучу жолдор

26-июнь, 20:02
2 246 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кымбаттуу окурман туугандар! Былтыркы апаат дагы бир жолу, туура бир жылдан кийин кайталанганы турат. Тилекке каршы, былтыркыдан да катуу болот (!) деген коркунуч бар. “Коронавирустун индиялык штаммы мутациядан өтүп, абдан тез жугат жана оор өтөт” деп илимпоздор айтышууда. Азыркы абалда Россияда ооругандардын 95%дан көбү ошол индус штаммына чалдыгып атышыптыр. Бизге да бул вирус ошол Москвадан келип, катуу жайылып кетти. 

Коронадан сактаныш үчүн эмне кылыш керек?

1. Негизи 60 жаштан улуу ага-эжекелерибизди жана өнөкөт демигүүсү бар адамдарды жок эле дегенде үч жумага толук изоляция кылыш керек. Булар үйдөн эч жакка чыкпай, чоочун адамдар менен эки-үч метр алыстан гана ачык абада сүйлөшүүсү шарт. Конокко барууну, сырттагы жумушту толук токтотуш керек. Туугандары азык-түлүктү алып барып, эшиктин алдына калтырып коюусу шарт. 

2. Азыркы вакцинация өткөзүлүп аткан жагдай да туура эмес: тар кабинеттерде, беш-алты саат күтүүдөн кийин өтүп атышат. Вакцина сайдыруу – милдет! Ансыз болбойт. Бирок ошол вакцина сайдырат элем деп барып (азыр эпидемия күчөп атканда), жуктуруп алуу өтө оңой. Вакцина эки жолу сайылгандан кийин да үч-төрт жумадан соң гана иммунитет пайда болот. Кытайдын “синофарм” вакцинасы кайраты жок экени айтылууда. Бир канча мамлекетте аны сайдырткандар кайра ооруп атышыптыр. Бирок, баары бир кайсы гана вакцина болбосун өмүрдү сактап калат. Жугузганда дагы ооруканага түшпөй, тирүү каласың. Бул – факт! Бирок, азыр пандемия өрттөнүп атканда кеч болуп калды. Убакыт да жетиштүү эмес. Андыктан, үйдөн чыкпай отуруу абзел.

3. Азыркы күндөрү тумоолоп баштасаңыз, бул сөзсүз түрдө корона! Эч кандай ПЦР-тесттерди тапшыруунун кереги жок. Ага акчаны да, убакытты да коротпогула. Ошол ПЦР-тестти алат элем деп жолдон кайра канчалаган адамдарга жугузасыздар. Андыктан, тумоолоп калсаңыз, эч жакка чыкпай, эки апта үйдө бекинип отуруш керек! 

4. Коронавирус 90% адамдарда жөнөкөй эле грипптей өтөт. Парацетамол, ибупрофен сыяктуу дарылар менен эле чыгат. Акыркы кезде кытайдын “Lianhua Qingwen” дарысы да өтө жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Эч кандай антибиотик же күчтүү дарыларды ичүүнүн же сайдыртуунун кажети жок. Ошол кымбат жана өтө күчтүү дарыларды сайдыртып атып, элдин көбү, өзгөчө чоңдорубуз ошондон мерт кетип атышат. Дарыны абайлагыла! Ооруканага баруунун кереги жок. Кымбат томография сыяктуу текшерүүлөрдөн дагы “жөн эле” өтө бербеш керек. 

5. Ар эки саат сайын пульсоксиметр менен канда кычкылтектин өлчөмүн текшерип туруш керек. Ал кычкылтектин көрсөткүчү 90%дан түшүп кетсе гана доктурларга кайрылган туура. Бирок, колдон келсе, ага чейин деле тааныштардын кимисинде концентратор бар экенин билип койгон оң.

6. Ковид беш-алты күндөн кийин күчөп кетсе гана тийиштүү борборго барып, доктурга кайрылыш керек. Ошондо да “эмне үчүн дароо келген жоксуң?” деп да жемелөөгө негиз жок. Ковидге каршы эч кандай дары жок. Ковид менен ооруп калар замат доктурга барсаң деле жыйынтыгы ошол болмок. Күчтүү дарыларды сайдыртып атып, организмдин иммунитети жоголмок!

7. Коронавирустан чыгуунун жалгыз жолу – бул жугузбоо жана убагында вакцинациядан өтүү. Өнөкөт оорусу бар туугандарыбызды жана кары-картаңдарыбызды аман эсен сактап калалы. Буюрса, бул илдет тез арада өтүп кетсин жергебизден!


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер