Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Россиядагы мигранттардын акчалары Кыргызстанга көмүскө жолдор менен келе баштады”

“Россиядагы мигранттардын акчалары Кыргызстанга көмүскө жолдор менен келе баштады”

22-январь, 19:30
2 899 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 2023-жылдын январь айынан ноябрга чейин өлкөгө сырттан акча которуулар 1 миллиард 803,11 миллион доллар болсо, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га аз экени маалымдалды. Аныгында, мигранттардын иши начарлай берсе, экономикабызга кандай таасир этет?

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

-- Менин оюмча, сырттан которулган мигранттардын акчалары биздин бюджетке үлкөн салымынын азайганынын себеби, ар бир мамлекет өз кирешелерин өзүндө алып калганга аракеттенет эмеспи. Бул жерде сырттан которулган акчалардын көбөйгөнү-азайганы да дээрлик Россияга таандык болсо керек. Азыркы азайганы өзүңөр билгендей, Россия өз чек араларын коркунучсуз абалга келтирүү үчүн өзүнө каршы уюшулган АКШ жана Евросоюз, Украина менен согуш алып барууда! Бул өтө чоң чыгаша. Россия өз экономикасын стабилдүү сактоонун негизинде сыртка акча каражатын которууга квота койгон негизги себеби ушул эле болсо керек…

Эрнест Карыбеков, эксперт:

-- Азыркы дүйнөлүк каржы экономика системасында боло берсек, анда мигранттардын ишинин начарлашы экономикабызга терс таасир этет. Мигранттар көтөргөн каражат ИДПнын 18%ын түзөт, 18% + бул экономикабызга чоң таасирин көрсөткөн көлөм. Ошон үчүн мамлекет бул системадан чыгып, өзүбүздүн каржы-экономика моделибизге өтүүсү зарыл. Буга шартыбыз дагы, мүмкүнчүлүгүбүз дагы бар. Өлкөдө өндүрүштү көбөйтүш үчүн экономикага жана калкка арзан энергоресурстарды камсыздап бериш керек. Жумуш орун көбөйсө, жанагындай коркунучтар пайда болбойт.

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:

-- Биздин экономикабыздын абалы Кыргызстанда жашап жаткан жарандардын баарын ойлонтот. Мигранттар Россияда баягыдай эле акча таап иштеп жатышат. Дүйнө жүзүндө кымбатчылыктын таасири Россияга да тийди. Кымбатчылыкка жараша мигранттардын айлыктары да көбөйдү. Россия Украина менен согушуп жатканы үчүн ал жакта доллардын наркы жогорулады. Мурун сомго караганда рублдун курсу жогору болсо, өзгөчө октябрь айында бир доллар 120-130 рублга көтөрүлөрү боюнча прогноздор айтылды. Бирок, Россиянын Улуттук банкынын жетекчиси “жылдын аягында доллар арзандайт” деди. Доллар арзандаганда деле рублдин курсу биздин сом менен барабар болду. Ошондой эле Россиянын саясатчылары Кыргызстанга эле жылына үч миллиард доллар чыгып кетип жатат деп санааркашты. Чынында биздин мигранттар иштеп тапканын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. 

Бирок, барган сайын биздин мигранттарга акча жөнөтүүнүн жолдору буула баштады. Кыргызстандан үй алыш үчүн жөнөткөн рублине доллар сатып алса, кымбатка түшөт. Ошондой эле Кыргызстандагы долларга болгон талап көбөйөт. Мурун каражаттар почта, банк аркылуу келсе, азыр ал каражаттар башка жолдор менен келе баштады. Ошон үчүн шаарда жер, үй кымбаттады. Мигранттардын көбү ата-энесине жок эле дегенде бир же эки бөлмө болсо да үй алып берүүнү ойлошот. Анткени, мигранттарда акча көп. Алар Россияда бизнес жасап, акчанын оборотун көрсөтүп алса, чоң-чоң салыктарды төлөп, кыйналып калышат. Ошондуктан, алар акчаларын Кыргызстанга үй сатып алганга жумшашуудаАкчанын которуму азайып баратат деген туура эмес. Азыр акчалар келип эле жатат, болгону банк, почта аркылуу эмес, башка, көмүскө жолдор менен агылуудаБул жагын үйлөрдүн сатып алынып жатканынан эле байкайбыз да. Мисалы, Болгарияда, Түркияда бир бөлмө үй 27-36 миң доллар болсо, азыр 80-90 миң доллар болуп кетти. Мурун Дубайда 3 бөлмө квартира эмеректери менен 50 миң доллар болсо, азыр бир бөлмө 120 миң долларга чыкты. Кыргызстанда дагы ошондой кымбаттоодо. Башында орустар, украиналыктар келип, Ош, Бишкекте үйлөрдүн баалары жогорулаган. Азыр алардын келиши токтогону менен үйлөрдүн чарчы метри 1200-1500 долларга чыгып кетти. Кыргызстанда бир нерсе кымбаттаса, кайра арзандашы кыйын боло баштайт.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер