Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайын атам менен кайын энемен бөлүнүп кетким келбейт...

Кайын атам менен кайын энемен бөлүнүп кетким келбейт...

07-декабрь, 12:43
1 560 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумуштан чыгып алып атайын базарга түштүм. Үйдөгүлөрдү бир сүйүнтүп, беш бармак менен мимоза жасап берейин дегем. Эки пакетти толтуруп алып, туптуура бир сааттан кийин базардан чыктым. Таксиге отурганда катуу чарчаганымды билдим. «Эже, ушул дарекпи?» Уктап кетипмин. Айдоочу жигит ойготту. Дарбазаны тыкылдатсам күйөөм ачты.

— Базарга барам деп айткан жок элең го! Ушунун баарын жалгыз көтөрүп келдиңби? Мага чалбайт белең?!

— Жумуштун жанындагы эле кичи базарга бардым.

— Жок дегенде такси менен келдиңби?

— Ооба.

Колумдагы пакеттерди алып бетимден өптү. Экөөбүз ээрчишип үйдү көздөй жөнөдүк. Үйлөнгөнүбүзгө эки ай болду. Бири-бирибизге тойбой жүргөн кезибиз. Сүйгөнүң ар дайым жаныңда болгон сонун турбайбы!

Кийимдеримди алмаштырып алып, ашканага кирсем, кайын атам жумуртка чайып, кайын энем фаршты аралаштырып отуруптур. Мени көрө калып экөө тең ордунан тура калышты. «Чык, чык, бар уктап тур, биз тамак даяр болгондо чакырабыз.» Көзүмдү ачып жумгуча түртүп чыгарып коюшту. Күйөөмө барып айтсам, «эс ала бер, анын эмнеси бар экен» деп койду. Жата турайын деп көзүм илинип кетиптир. Кайын энем келип, «кызым, турагой, тамак ичели», -деди. Кайын атам менен кайын энем бир топ жашка барып калганына карабай «современный»

адамдар. Ар дайым күлүп-жайнап жүрө беришет. Келин болуп келгенден бери бир да жолу тамак жасай элекмин. Баягы күнү өз ата-энем келип кетти. Боорсок бышырып жатсам, кайын энем «кызым убара болбой, пицца менен суши «заказ» кылып койсок болбойбу?» деди.

Элестеткиле, жилик алып көнгөн ата-энеме пицца берип жатканыбызды (күлүп)... Көп салттарды түшүнө беришпейт. Бир нерсе болсо экөө тең мага чуркап келип сурашат. Күйөөм дагы ошондой. Биз менен иштери деле жок. Жашообузга кийлигише беришпейт. Кээде күйөөм экөөбүз таарынышып, аларга арызданып барсак, «кой айланайын, өзүңөр эле чечишкиле, эртең эле жарашасыңар, бизди аралаштырбагыла», -деп коюшат. Кеңеш сурасаң, «мындай кыл» дебей, «мен мындай кылмакмын» деп түшүндүрүп беришет. Кыскасы сонун адамдар!

Жүрүм-туруму, жашоого болгон жеңил мамилеси, сөздөрү менен үлгү. Мындай адамдарды жакшы көрбөй коюу мүмкүн эмес. Буйруса жазында бөлүнөбүз. Бирок мен кетким келбей эле.


bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер