Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбай ТАЙЛАКОВ, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары: “Баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербейбиз”

Кеңешбай ТАЙЛАКОВ, монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары: “Баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербейбиз”

05-ноябрь, 11:29
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Пенсияга 300 сом кошулду, ундун баасы 500 сомго кымбаттады” деген нааразылыктар арбый баштады. Акыркы бир айда базарда ун азыктарына баанын кымбатташы кескин байкалууда. Бул боюнча парламентте да маселе көтөрүлүп, андан соң өкмөт анализ жүргүзмөй болгон. Жыйынтыгын да келтиришти. Бирок, элдин нааразылыгы басылчудай эмес. Ага кошумча, эми көмүр баасынын кымбаттай башташы кар түшө электе сезиле баштагандай. Шаарда айрым жерлерде көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Ал эми баалардын кескин кымбатташынын алдын алган өкмөттүн алдындагы атайын агенттик бар. Бирок, алардын эмне иш кылганы белгисиз. “Иштеп жатабыз, кескин кымбаттоого жол бербейбиз” деген менен реалдуу турмуш башкача. Карапайым калкка оорчулук келтирип жаткан баалар тууралуу агенттиктин өкүлүн кепке тарттык. 

-- Кеңешбай мырза, базарда ун азыктары кескин кымбаттап кетиши коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Сиздердин агенттик баалардын көтөрүлүүсү боюнча эмне иш аткарып жатат?

-- Ооба, октябрда ундун баасынын көтөрүлүүсү байкалды. Анализ көргөзгөндөй, кымбаттоо республика боюнча болду. Бишкекти эле алсак, 1-сортунун килограммы жыл башында 24-25 сом болсо, азыр 30 сомго чейин көтөрүлдү. Эми бул жөн жерден болгон жок. Баанын көтөрүлүүсүнүн негизги себеби бар. Биз (ишкерлер, ун чыгарган заводдор) буудай азыгын сырттан, дээрлик Казакстандан алып келебиз. А Казакстанда быйыл жай кургак болуп, түшүмдүүлүк аз болгону айтылууда. Бул факторлор биздин ички рынокко да сөзсүз түрдө таасир этет. Унга болгон баа Казакстанда деле көтөрүлдү. Демек, бизде да кымбаттайт. Негизинен алганда, Бажы бирлигинин алкагында унду ташып келүүгө эч кандай тоскооолдуктар жок. Ар бир ишкер алып келип, сата алат. 

-- Биздеги баанын көтөрүлүшү боюнча кандай иштер жүрүп атат?

-- Аймактык түзүмдөрүбүз аркылуу жер-жерлерде сурамжылоо, мониторинг иштерин алып баруудабыз. Ошондой эле өкмөттүн №242 токтому бар. Эгер социалдык маанилүү азыктарга баа бир айда дээрлик 20 пайызга өссө, өкмөт тараптан жөнгө салуу механизми ишке ашырылат. Ал экономика министрлиги тараптан сунушталат. Биз азыр аталган министрликке жана өкмөткө примитивдик иш-чараларды колдонуу боюнча сунуштарды жөнөттүк. 

-- Кандай сунуштар?

-- Мониторинг өткөрүү. №242 токтомдун аткарылышы боюнча жергиликтүү бийликтердин ишин көзөмөлгө алуу. Ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдер фондунда ун, буудай азыктары болсо, рынокту толтуруу жагын карап көрүүнү сунуштоо. Бул иштерди аткарып жатабыз. Негизинен баа көтөрүлүүгө жол бербөө боюнча баардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылып жатат. 

-- Кыш жакындаган сайын көмүрдүн да баасы кымбаттай баштады...

-- Бул сезондук фактор. Көмүр өзүбүздөн чыгат. Баардык көмүр компанияларга бааларын белгилеп бергенбиз. Мисалы, Жумгалдагы “Кабак” бассейниндеги көмүр баасы 1200 сомдун тегерегинде сатылышы керек. Бирок, шаарга же башка аймактарга жеткирүүдө транспорттук чыгымдар кошулат. Албетте, ортомчулар да бар, алар да үстөгүн кошуп сатышат. Антсе да, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу баа туруктуу. Ал эми бир ай мурункуга караганда кымбат. Тоннасы 3500-4500 сомдон болуп жатат. 

-- Өз алдыларынча бааны көтөрүп алган ортомчуларга кандай чаралар көрүлөт?

-- Көмүр дагы социалдык негизги товар. Баа бир ай ичинде кескин көтөрүлүп кетсе, жөнгө салуу мехзанизмин ишке ашырабыз. Мындай практика бизде бар. 2011-жылы киргизгенбиз. 

-- Социалдык негизги товарларга мамлекет тараптан баалар бекитилбейби?

-- Жок, андай нерсе жок. Бул атаандаштык рыногу. Көптөгөн субъекттер, жеке ишкерлер иштешет. Бааларды өздөрү коюп иштешет. Бирок, кыш мезгилинде дагы бааны туруктуу кармап берген жагынан биз комиссия түзүү, жергиликтүү бийлик, фискалдык органдар менен чогуу иштерди алып барабыз.    


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер