Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм мурдагы сүйгөнүн качан унутат? А мен муздап баратам...

Күйөөм мурдагы сүйгөнүн качан унутат? А мен муздап баратам...

24-сентябрь, 12:35
958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Турмуш курганыбызга 1 жыл болуп калды, жакында көз жарам. Жолдошум мурда сүйлөшүп жүргөн кызын эч унута албай койду. 

Менден бир топ жаш улуу, көңүлү жок мамиле жасайт. Телефонунан капыстан көрүп калдым. Мурдагы сүйлөшүп жүргөн кызына жакында эле "жолукпайлыбы, сагындым сени" деп жазыптыр. Ал да жооп берип, экөө сүйлөшөт экен.

Анын артынан издеп эле жаза берет экен. Көңүлүм катуу муздады. Анда мага эмнеге баш кошту? Экөөбүздүн жашообуздун маңызы эмнеде? “Жакшы жашап кетели” деп колумдан келген аракетимдин баарын жасадым. Бирок кайра эле баягы кыздын артынан издеп жүргөнүн койбоду. Менин да көңүлүм калып, муздап баратам. Кандай жолго барам?..


Бермет

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер