Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бажа-гейттен” кийин Абылгазиевдин жакындары кайрадан бийликти уят кылышты

“Бажа-гейттен” кийин Абылгазиевдин жакындары кайрадан бийликти уят кылышты

09-ноябрь, 17:34
831 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт аппаратында иштеген аткаминерди жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басарын “пара алды” деп айыптаган ишкер Эмир Эмилканов ачыкка чыкты. 

Видео аркылуу чыккан билдирүүсүндө ал өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев андан акча алганын ачык эле айтып чыкты. Бирок, “өрдөк эти” деген ат менен таанылган иштин экинчи тарабы айыптоолорду, ишкердин айткандарын төгүндөп жатат. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, «контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп атап чыгышты. 


Бакыт Калмуратов менен Эмил Жамгырчиевдер кимдер?

Бакыт Калмуратов 2008-2017-жылдары социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеген. Бул учурда азыркы премьер аталган фонддо жетекчилик кызматты ээлеп турган. 2017-жылы январь-ноябрь айларында Калмуратов өкмөттүн аппаратында иштеп, Абылгазиев биринчи вице-премьер кезде анын кеңешчиси болгон. Кийин премьер-министр болгон соң алгач кеңешчи, ал эми быйыл майдан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеп келе жаткан. Ал эми “экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиев “Абылгазиевдин тууганы болуп кетет” деген кептер кетти. Муну моюнга алыш керек. Эгер андай эмес дешсе, ушул окуя ачыкка чыгары менен Эмил Жамгырчиевдидароо кызматтан четтетиш керек болчу. Четтеткен жок да. Демек, берки бизнесмен деле бекер айткан жок, булардын артында кандайдыр бир күч турганы үчүн коркуп жатат. Бул мисалдардын өзү өкмөт мыйзамсыздык менен күрөшүүгө ниети жоктугун, тескерисинче, андай иштерди жасаган “өз кишилерди” калкалап турарын “Азаттык” жазып чыкты.

Ал эми өкмөт аппараты болсо “өрдөк эти” чырынын өзөгүнө байланыштуу түшүндүрмө берүүдөн карманып, бирок, ишке премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин катышы жоктугун кабарлашканы акылга сыябы?..


Турат АКИМОВ, саясат талдоочу:

-- Менин болжолумда, ишкер Эмир Эмилканов өрдөк этин мыйзамсыз киргизип алган. Анан сураган акчаларын берген. Бергенден кийин анын ишин бүтүрбөй коюшкан. Бажыканадан киргенден кийин башкалары “мыйзамдаштыра албайбыз” деп, ошондон улам чыр чыккан. Өкмөт аппаратында иштеген аткаминер Калмуратов Абылгазиевдин кадры, ал эми экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары Жамгырчиев болсо өкүл баласы да. Бул жерде Абылгазиев апакай болуп, “атасы жакшы, балдары жаман” болуп жатпайбы. “Билбейм, булар менин балдарым эмес” дегендей түр көрсөтүп жатат. Бул иш ары-бери сүйрөлүп, жакын арада бүтпөйт. Ишкер байкушту коркутуп-үркүтүп, жүрөгүнүн үшүн алып, кайра арызын алдырышат. Биздин система белгилүү да, эч кандай акыйкаттык болбойт. Тергөө иштери бүтпөй, акыры ишкерге “караларды” жалдап качырып, “өзү күнөөлүү болчу” деп ишти жаап коюшат. Мындай иштер бизде дайыма ушундай эле аяктайт...


Рустам ЮСУПОВ, жарандык активист:

-- Албетте, бүгүнкү күндө коррупциялык иштер уланып жатат. “Өрдөк иштериндеги” чуу ошол иштердин четин ачып койгондой болду. Бизге келген инвесторлор болобу, ишкерлер болобу, өздөрүнүн товарларын алып келгенде мындай жагдайларга көп учурап, бирок, баары көмүскө эле бойдон кала берет. Ал гана эмес өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым боло турган гранттардан да пара суроо калыптанып бүттү. Мындай жагдайлардан улам, алкымы чоң бийликтеги жемкорлордон качып, инвесторлор башка өлкөлөргө кетип жатат. Же болбосо, пара менен эч бир өлкөгө кире албаган контрабандалык товарлар биздин өлкөгө келет.

Биздегилер “инвестиция кылабыз” деген чоң компаниялардан акча сурап, алар анан кошуна өлкөлөргө кетип калган учурлар көп. Бул жерде кичи чиновниктердин духу жете бербейт. Албетте, андай иштерге чоң кызматта отургандар аралашат, бирок, аны кичи чиновниктердин колу менен жасашат. Анан аларды коргоп турушат. 


Сөз соңунда

Премьер-министр Абылгазиевдин көздөй жакындары Калмуратов менен Жамгырчиев пара алууга шектелип, бүтүндөй бийликтин баркын кетирип атса да жоопкерчиликтери каралбаганы кандай? (Бири өмөттүн аппарат башчысынын орун басары, экинчиси финполдун орун басары болуп иштеп келишти да). “Жунгли закону” быякта калды го? “Бажа-гейттен” кийин да сабак албаган Абылгазиевдин жакындары мамлекеттик кызматтарда кутура беришсе, аягы эмне болот? Өкмөттүн кадрлары четинен “х-ит” болуп атышса, карапайым калк кыйналып жашоодо. Качанкыга чейин чыдашат экен?..


Гүлжан ТӨРӨБАЕВА

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер