Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абыкеевге башкасы унчукпаса да, акылы тунук Касмамбетов тыйып койбойбу?

Абыкеевге башкасы унчукпаса да, акылы тунук Касмамбетов тыйып койбойбу?

10-октябрь, 23:54
307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эл жазуучусу”, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Фейсбукка улам пост жазып, бирок кайра коомчулуктан жеме, сын угуп, ашмалтайы чыгып эле келатат. Администрациядагы акыл-эстүү адамдар “кой, тантырап жазба” деп тыйып коюшпаганы эмнеси? Түшүнүксүз. Башкасын айтпасак да, мамлекеттик катчы, акылы тунук Сүйүнбек Касмамбетов зекип койбойт беле? Же “үйүр” ичинен бирөө шылдыңга калып турушу керекпи? Айтор, түшүнө албадык. 

Аз күн мурун Чолпонбек Абыкеев Баткендеги согушта тажиктер 400гө чукул жаранынан ажыраганын жазып чыкты. Каңырыш угуп, ойлонбостон “балп” эттирди. Бул боюнча “Политклиника” интернет-сайты иликтөө жасап, президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратканын тастыктап койду. Адатынча “лам” деп ооз ача албай отуруп калды. Негизи Чолпонбек Абыкеев кантип жазуучу болуп жүргөнү, наамдарын кайсы эмгеги үчүн алганы таңгалдырат. Элементардуу сүйлөм түзүүдө орфографиялык, пунктуациялык, грамматикалык каталарды көп кетирери көнүмүшкө айланды. Баягы мектептеги начар окуган баланын образын бергендей элес жаратат. Эрксизден баш чайкайсың. Учурда УИАда, ЖОЖдордо, жарандык коомдо активдүү, билимдүү адистер бар. Биз ар тарабынан тажрыйбалуу, өз тармактарында көз караштары калыптанган, мыкты кадрларды билебиз. А эмне үчүн президент Садыр Жапаров чаласабат Чолпонбек Абыкеевди аздектеп отурат? Бул эргулду кетирип, интеллигенция ичинен идиректүү кеңешчи тандап алса болбойбу? Бул маанилүү суроо. Азыр да кеч эмес. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер