Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урмат Акунов: “Акылбек Жапаров менен Чолпонбек Абыкеевге коомчулук нааразы”

Урмат Акунов: “Акылбек Жапаров менен Чолпонбек Абыкеевге коомчулук нааразы”

06-август, 22:01
1 960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Урмат иним, "Сооронбай Жээнбеков камалсын!" дегендер чыкты. А киши камалгандай эмне кылды? Чын эле кыргыз элинин алдында күнөөсү барбы? 

-- Биринчиден, “Сооронбай Жээнбеков камалсын” дегендер – жалданма заказ. Кыргыз элинин кен байлыгын сатпаса, чет өлкөгө бербесе, бул жаатта кылмыштуу иш кылбаса, эмнеге камалмак эле? Экинчиден, мамлекеттин эсебинен карыз албай, ички ресурстар аркылуу сырткы карыздардан кутула баштаган. Ошондой эле Атамбаев канчалык досу экенине карабай, анын коррупциялык иштер боюнча эң башында турганын аныктап, аларга катуу чара көрө баштаган. “Гүленчилердин” ээн-эркин кылмыштуу иштеринин кулачын кенен жайылышына жол берген эмес. Жээнбеков кыргыз элинин алдында эч кандай деле күнөөсү жок.  

-- Азык-түлүктүн кымбатташы элди жакырчылыкка кептебейби? 

-- Азык-түлүктүн кымбатташынын бирден-бир себеби, бүткүл дүйнөлүк пандемиянын башталышы менен бир эле Кыргызстанга эмес, баардык өлкөлөргө өтө чоң таасирин бере баштаган. Анысы аз келгенсип, өткөн жылдын күз айларынан баштап мамлекеттин жүргүзгөн ички-тышкы саясаты туруктуу болбогондуктан жана бул боюнча өкмөт тарабынан алдын ала тийешелүү чаралар көрүлбөгөндүктөн, азыркы оор акыбалга келип отурабыз. Карапайым элибиз жаңы кийим алып кийүү же турмуш шартын оңдоо быякта калып, кантип кара курсакты тойгузуу жөнүндө ойлоп калды. Эгер ушу бойдон жүрүп отурсак, жакырчылыкка жакынкы арада кептелип калышыбыз да ыктымал. 

-- Дайым эл арасында жүрөсүң, коомчулук бийликтин кайсы иштерине нааразы?

-- Бу жерде бийликтин эки нерсесине эл нааразы. Биринчиси – азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүдө тандалма иштерге барып атканына, жеке өч алуу жагына басым кылынып атканына. Экинчиси – кадрдык саясаттын аксап атканына, анын ичинде мамлекеттин башында чейрек кылым башкарып турган Турдакун Усубалиевдин каргышына калган Акылбек Жапаровду өтө эле тайраңдатып, бийликтин чоң кызматына алып келип койгонуна эл нааразы. Ошондой эле Чолпонбек Абыкеевди мамкатчы кылып койгонуна элдин көңүлү ток эмес. Мындан сырткары, бийлик Өмүрбек Бабановду “кустурабыз” деп камап алып, эч ооруган диагнозу аныкталбай, айтылбай туруп бошотуп жибергенин эл туура көргөн жок.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер