Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров менен Ташиевдин көз караштарынын туура келбей калганына таңгалуунун кереги жок

Жапаров менен Ташиевдин көз караштарынын туура келбей калганына таңгалуунун кереги жок

28-октябрь, 14:18
5 785 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында биздин бешинчи президентибиз Садыр Жапаров курултайдын ордуна Кыргызстанда аккредитация болгон бардык ММКлардын журналисттерине жыйын өткөрдү. Менин көз карашымда, ар биринде 50 миңден кем эмес катталуучулары бар блогерлерди кошсо, мыкты сапаттуу курултай жаралат жана мында велосипед ойлоп табуунун да кереги жок болот. 

Биздикиндей Конституция кабыл алынган өлкөлөрдө президенттери журналисттерди акыл үйрөтүүгө, жакындарын мактап, алыстарын жемелегенге чогултуп турушат эмеспи. Менин оюмча, ага карабастан биздин президент коомубузда 30 жыл ичинде иштелип чыккан драмалык демократиялык сөз эркиндигинин принциптерин сактоону чечти. Бул отчету менен ал элди бешинчи Кыргыз Республикасын биргеликте курууга чакырды. 

Аны менен чогуу бийликке досу жана багытташы Камчыбек Ташиев келди. Анын ишмердүүлүгүн талдап көргөндө, Ташиев өзүнүн жумшак айтканда, жеңил эмес миссиясында Аристотелдин философиялык пайдубалын колдонууда: “Платон менин досум, бирок чындык андан бийик”. Буга анын кылмыш жоопкерчилигине кимдерди тартканын карап көрүп эле ынансак болот. Азыр кармалгандардын арасында аны менен достошуп, тойлордо чогуу болуп, бир имаратта иштеп жүргөндөр бар. Мисалга Бабановду, Сариевди, Жээнбековду, Пирматовду, Узакбаевди, Сарпашевди ж.б.ларды алсак болот. 

ММКда президент менен УКМК башчысынын ортосунан “кара мышык” чуркап кеткени тууралуу маалыматтар, божомолдор байма-бай жарыяланууда. Бирок менин билишимче, алардын достугуна пикирлеринин кайчы чыгышы себеп болду жана карама-каршылыктар алардын достугунун пайдубалы. Бул Гегелдин диалектисине толук дал келет.

Бизде көп жылдык саясый жана жеке достуктун фактысы бар, ал достук кайчы пикирсиз, карама-каршылыксыз уланып келген, алар – Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Ушинтип мамиледе эч бир ыр-чыры жок келип эле ортолорунда биринчи кайчы пикир жаралганда катастрофа пайда болду! 

Мен Жапаров менен Ташиевдин көз караштарынын туура келбей калганы тууралуу маалыматтарга жана фейктерге таңгалуунун кереги жок деп ойлойм. Тескерисинче, эгер алардын мамилеси дайыма бир калыпта кетип, бирдей көз карашты кармангандарынан чочулоо керек, так ушунда катастрофа кайталанышы мүмкүн! 


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер