Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК депутаттык мандаттар качан берилерин билдирди

БШК депутаттык мандаттар качан берилерин билдирди

20-декабрь, 12:19
1 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоону утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКдан билдиришти. Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт. Мандат берилгенден кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып, VI чакырылыш ишин токтотот.

VII чакырылыштагы депутаттардын биринчи сессиясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети иштеп жатканын анын мүчөсү, "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 23-декабрда алгачкы сессияны өткөрүү пландалууда.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партиялык тизме менен келсе, 36сы өз алдынча шайланды. Бир мандаттуу округ боюнча Бишкек шаарындагы эки райондо бардыгына каршы добуш бергендер көпчүлүктү түзүп, кайра шайлоо өтмөй болду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер