Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марс Сариев: “Бизге парламенттик система эмес, президенттик башкаруу ылайыктуу”

Марс Сариев: “Бизге парламенттик система эмес, президенттик башкаруу ылайыктуу”

09-апрель, 20:49
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марс иним, Кыргызстандагы саясый абалга көз чаптырып атсаң керек?

-- Өлкөдө саясый кырдаал кооптуу, катуу. Менин оюмча, 11-апрелдеги референдумдан кийин бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, кээ бир жарандык активисттер митингге чыгышы мүмкүн. Алар тарапташтарын “Конституция эмес Ханституцияны референдумга алып чыгышты” деп өздөрүнүн катарларын толуктагылары келип, туруксуз абал жаратып коюшу мүмкүн. “Элитабыз” деп санаган топтордун кагылышуулары да болуп кетиши ыктымал. Алар баягы эле түндүк-түштүк маселесин бетке кармап чыгышат. Эмнеге минтип атам? Анткени, акыркы мезгилде түштүктүн кээ бир тыңчыкмалары Садыр Жапаровдун ишмердигине нааразы болуп атышат. Буга кызыкдар болгон сырткы күчтөр да ортого от жагууга куштар болуп турган кези. Митингге чыккандар “Демократия жок болду”, “Жарандардын эркиндиги сакталсын”, “Биз Ханституцияга каршыбыз!” ж.б. ураандар менен чыгышы мүмкүн. Мындан сырткары, өзүңүз билесиз, Бишкек шаары эпидемияга байланыштуу “кызыл аймакка” кирдик. Андыктан шаар мэри митингдерди болтурбоо максатында өз алдынча жарлык токуп, “баланчанчы числодон түкүнчөсүнө чейин ордо калаада ар кандай демонстрация, митинг, акциялар болбосун” деши толук мүмкүн.

-- Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү байлардын жана мурунку чиновниктердин балдары болууда. Буга сиздин көз карашыңызды билсек болобу?

-- Туура баамдагансыз, шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин арасында байлардын, мурунку чиновниктердин балдары, ушу кезде депутат болуп отургандар жана шаардын мурунку мэрлери бар экенин мен да байкадым. Мындай көрүнүш биздин мамлекет үчүн жакшы аброй апкелбейт. Анткени, алар экономиканын көмүскө жагындагы күмөндүү схемаларга аралашып, буга чейин шугулданып келишкен. Эмне үчүн Бишкек шаарына умтулушат? Алар үчүн ордо калаабыз абдан ыңгайлуу жана өзүмчүл максаттарын ишке ашырууга кызыкдар түрдүү шарттар менен жакындан тааныш. Андыктан Бишкек шаардык кеңешке шайлоо абдан курч мүнөздө өтөт. Кызыл-кыргын, сары-сүргүн болуп кетиши да ыктымал. Аз калды, чыдай туралы.

-- Конституциялык референдум боюнча оюңуз?

-- Референдумда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Конституциянын жаңы редакциясын колдошот, бул айдан ачык көрүнүп калды. Бул – элдин тандоосу. Кыргызстандын калайык калкы, калың журту буга чейинки башаламандыктан, ыгы жок башкаруудан ж.б. толуп жаткан ыңгайсыздыктан чарчады. Парламенттик башкаруу системасы өзүн актай алган жок. Бизге учурда президенттик башкаруу гана ылайык болуп турат. Албетте, бийликти узурпациялап кетпеш үчүн толук кандуу бийликти колго алган президентти күчтүү парламент жана кеңеш берүүчү орган катары курултай көзөмөлгө алып, тийешелүү учурда тизгинин тартып туруу керек. Учурдагы катаал мезгилден күчтүү президент гана алып чыгып кете алат.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер