Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемпирабадчылар менен бийликтин тиреши, өлкөдөгү экономикалык кризис эмнеге жеткирет?..

Кемпирабадчылар менен бийликтин тиреши, өлкөдөгү экономикалык кризис эмнеге жеткирет?..

08-сентябрь, 20:19
466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Равшан Джеенбеков баш болгон кемпирабадчы саясатчылар менен бийликтин тиреши күчөп, кырдаал чыңалууга бараткандай түс берүүдө. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн...” дегендей, бир жагынан өлкөдөгү экономикалык кризис, кымбатчылык, деги эле каатчылык жашоонун соңу кайда алып барат?..

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

-- 32 жылдык Кыргызстандын эгемендигинде алтынчы президенттин башкаруусунда жашап жатабыз. Тилекке каршы, окшош саясый окуялар улам кайталанып келе жатканы өкүндүрбөй койбойт. Ким бийликке келсе эле оппоненттер менен күрөшүп жатып, экономикалык, социалдык маселелер экинчи планга калып, карапайым элдин жашоосу оорлошуп жатканын бийлик өкүлдөрү аңдабай калып жатышат.

Оппозиция милдеттүү түрдө болуусу шарт. Сын айтылган жерде, карама- каршылык болгондо гана өсүү болору талашсыз. Сын пикир айткан адамдарды куугунтуктап, камай берүү бийлик үчүн аброй алып келбесин эске алышса жакшы болмок.

Алдыда кыш, отун-суу, азык-түлүк кымбатчылыгы элди кекиртектен алып турган учурда убакытты тирешүүгө эмес, ынтымакка, экономикалык маселелерди чечүүгө жумшашса баарыбыз үчүн жеңил болмок. Кыргызда "кагылыштан кан өлөт" деп айтып келишкен. 

Учурдан пайдаланып, оппозициясын, бийлик бутактарын да ынтымакка чакырып кетем. Ынтымак болгон жерде гана ырыскы, жакшылык болот!

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:

-- Кечээ жакында эгемендик күнүнө арналган көк бөрү оюнунда Ош жергесинде президенттин, башкы прокурордун, Жогорку соттун төрөгасынын көз алдында эл акыйкаттык издеп, милиция кызматкерлерине карабай тополоң кылып, уруп-сабоого алышты. Бул бүгүнкү бийлик башындагыларга чоң эскертүү болду. Кыргыз эли көп нерсеге чыдайт, бирок акыйкатсыздык, калыссыздыкка чыдабайт. Эки жылдай убакыттан бери салык саясатынын айынан канча деген нааразычылыктар болуп келатат. Андан тышкары, акыркы маселелер, ошол эле Кемпир-Абад, төрт пансионат, Ширшов жана башка бүдөмүк, жоопсуз калган маселелер эл арасында нааразычылыктарды жаратып жатат. Ошондуктан президент тез арада кардиналдуу чечимдерди кабыл алып, мамлекетте өзгөрүү аракеттерин көрүп, реформаларды баштоосун суранат элем. Бизде сот, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактарда реформаларды жүзөгө ашырмайын, өзгөрүү, өнүгүү болбойт. Ошондуктан принципиалдуу кадрларды ишке тартуу менен мамлекеттик өзгөрүүнү тез арада башташ керек деген сунушту айткым келет.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

-- Равшан Джеенбековдун жана кемпирабадчылардын тиреши күндөн-күнгө курчуп баратат. Мен Равшан Джеенбеков менен бир жылдай түрмөдө бирге жаттым. Азыр Равшан мырза үчүнчү жолу камалды. Жакындан билген адам катары анын адамдык сапатын баса белгилеп айта кетсем, өтө билимдүү, компромисске бара турган саясатчылардын бири. Ал эч качан радикалдуу шарттарга барбайт. Ошондуктан бийлик баарын абактан чыгарып, диалогго келип, келе жаткан оор кыш мезгилинен кантип чыгуу жолдорун ойлонушса, жакшы иштер болмок. Бирок бийлик күн өткөн сайын алардын тууган-туушкандарына чейин кысым көрсөтө баштады. Азыр ич ара кырылышпай, ынтымакта элдин эртеңи тууралуу ойлоно турган мезгил. Бийликти жандаган Акылбек Жапаровго окшогон адамдар канча президенттин башын жутушту? Мурда Акаевди, Бакиевди, Сооронбайды жок кылышты. Өлкөнү кризиске такап коюшту. 

Учурда камакта жаткан кемпирабадчылардын мойнунда эч кандай кылмыш иши жок. Мекенди сүйүү, элди урматтоо эч качан кылмыш болуп эсептелбеши керек. Андыктан аларды үй камагына чыгарып, “Кыргызстанды өнүктүрүп, кантип алдыга жылдырабыз?” деген маселенин алдында кризистен чыгууну ойлонуу зарыл. Куугунтук, кыйноонун арты эч качан жакшы бүтпөйт. Бир гана жол – аларды үй камагына чыгарып, оппозиция менен диалогго келүү керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер